Маңгыстауда жумушчулар ачкачылыгын улантууда

Ачкачылык жарыялагандардын абалына доктурлар көз салууда. Актау, 9-январь, 2017-жыл

Казакстанда “Мангистаумунайгаз» компаниясын тейлеген эки ишкананын жумушчулары нааразылык акцияларын улантууда. Алар компанияда иштөө шарттарын жакшыртууну, көз карандысыз кесиптик кошуунду калыбына келтирүүнү талап кылууда.

Актауда Oil Construction Company деген ишкананын бир нече жумушчусу алты күндөн бери ачкачылыгын улантууда. Акция катышуучуларынын кээ бирлеринин саламаттыгы начарлаганы менен, талаптары аткарылмайынча ачкачылыктан баш тартпасын айтууда. Жумушчулар Казакстандын көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын каттоо талабын да коюуда.

Казакстандын көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жоюу боюнча экономикалык соттун чечими 4-январда чыккан.

Компаниянын дагы ондогон кызматкерлери 15-январдан тарта ачкачылык акциясын баштарын шаар акимчилигине билдиришти.

Нааразы жумушчулар.

Чогулгандар расмий профсоюз алардын кызыкчылыктарын коргобогонун айтышса, ишкананын кесиптик кошуунун жетектеген Амин Елеусинов бардык тиешелүү мыйзамдар аткарылып жатканын билдирди.

Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын төрайымы Лариса Харькованын айтуусунда, уюм мыйзамда каралган жарым жылдын ичинде кайра каттоого кагаздар берилбей калган деген шылтоо менен жабылган.

- Сот чечимин шашылыш чыгарып салды. Аны талашууга, арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк бербей коюшту, - деди Харькова “Азаттык” радиосунун казак кызматына.

Облустагы дагы бир Tehno Trading компаниясынын жумушчулары да ачкачылыкты улантышууда. Маалыматтарга караганда, ал жерден бир нече активист иштен бошотулду.

5-январда ишкананын 90дой кызматкери ачкачылык жарыялашкан. Алар иш шарттарын жакшыртуу, жумушчуларга тиешелүү чечимдерди профсоюздар менен макулдашып туруп кабыл алуу, алардын таламын талашкан активисттерге каршы чара көрбөө талаптарын коюшкан.

Мунайчылар.

Бир нече күн мурун полиция жумушчуларды нааразылык акциясын компания кеңсесинин алдында өткөрүүсүнө жол бербей койгон.

- Бул жерге баары өз каалоосу менен, ден соолугун, келечегин ойлоп келген. Мисалы, зыяндуу өндүрүштө иштегеним үчүн мага айран гана беришет. Буга да үч жыл талап кылып жатып жетиштим. Кээ бир кызматкерлер саламаттыкка зыян келтирген өндүрүштө иштегенин да билишпейт, - дейт жумушчулардын бири Даражат Досмагамбетов.

Анын кесиптеши Жетибай Эркинбек экологиялык зыян үчүн аларга кошумча акча төлөнбөгөнүн, план аткарылса да, кварталдык сыйлык берилбегенин айтат.

Компаниянын жетекчиси Адил Ниязов «Азаттыктын» кабарчысына комментарий берүүдөн баш тартып, жумушчулардын талаптары мыйзамсыз деп айтуу менен гана чектелди.

Тechno Trading «Мангистаумунайгаз»компаниясына таандык жабдууларды оңдоо менен алектенет. Ишканада 700гө чукул киши эмгектенет. Өткөн жылы жумушчулар шарттарды жакшыртууну жана айлык акыны көтөрүүнү талап кылып эки ирет иш ташташкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.