Уулануу жана "уйку оорунун" азабы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн жылдын ноябрь айынан бери белгисиз газга ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн саны токсондон ашты.

Казакстан батышындагы Березовка айылындагы мектепте шейшемби күнү сабак учурунда дагы он эки бала эсин жоготту. Алардын көбү өткөн жылы ноябрь айында белгисиз газга уулангандар экени маалым болду.

Березовканын тургуну Карлыгач Сапиева 9-класста окуган кызынын чачы түшүп жатканын айтты. Ал чачты чогултуп, желим баштыкка салып алган.

- Мына бул кызымдын бир жума ичинде түшкөн чачы. Буга чейин эч качан мындай болгон эмес.

Анын кызы Арайлым өткөн жылдын ноябрында мектепте эсин жоготуп жыгылган окуучулардын бири. Энеси оорукчан кызы экөө эки айдан бери ооруканадан чыкпай калганын айтты.

Соңку эки айда Арайлым эсин жоготуп, бир нече жолу кулаган. Карлыгач кызынын диагнозун догдурлар айтпай, жашырып жатат деп ойлойт.

- Кечээ башкы врачына барып “менин ордума өзүңүздү элестетип көрүңүзчү, акчам жок. Сиз болсо мага жооп берүүнүн ордуна качасыз” - деп айттым. Кызыма "ооруп атам деп айтпа, эч кимге чалба" дешет экен. Ушундай да болмок беле? Мен энеси болгондон кийин баламдын эмнеси ооруп атканын билишим керек да. Кокус жаза тайып кетсе ким жооп берет? - деди көз жашы көлдөгөн Сапиева.

Березовкадагы мектепте ноябрдан бери дагы бир нече окуучу башы айланып, эсин жоготуп ооруканага түшкөн. Айыл жаратылыш газы чыккан Карачаганак кенине чукул жайгашган. Мындан улам жергиликтүү тургундар экологиялык кооптуу аймакта жашап жатканын айтып, башка жакка көчүрүүнү талап кылып келишет.

Дүйшөмбүдө эл менен жолугууга келген бийлик өкүлдөрү айыл элин көчүрүүгө эч кандай муктаждык да, коркунуч да жоктугун билдирип, алардын сунушун четке какты.

Казакстандын энергетика министринин орун басары Узакбай Карабалин чогулган элге жапырт көчүрүү эки гана учурда мүмкүндүгүн айтты:

- Экологиялык кодекске ылайык, айыл экологиялык алаамат аймагы деп таанылса жана айылдын өндүрүш объекттери санитардык коргонуу аймагында жайгашып калса гана эл башка жакка көчүрүлөт. Бирок бул эки шарт тең силердин аймакка туура келбейт, - деди мамлекеттик аткаминер.

Бирок бийликтин мындай сөзүнө даяр келген калк, жыйналышта дароо “Калп айтпагыла, көчүргүлө!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп чыгышты.

Березовка айылынын активисттеринин бири Магзом Ирмикбаев Карачаганак кенин иштеткен компанияны сотко берүүгө чакырды.

Өткөн жылдын ноябрь айынан бери айылда бир нече жолу массалык уулануу катталган. Андан бери жалпысынан ооруканага түшкөндөрдүн саны токсондон ашты. Алардын көбү балдар. Айылда бир жарым миңге жакын тургун жашайт. Уулануунун себеби ушул күнгө чейин так аныкталбай келет.

2014-жылдын соңунда Березовка айылына келген премьер-министрдин орун басары Бердибек Сапарбаев маселени ызы-чуусуз чечүүгө чакырган. Ал ошондой эле айылдагы бул кризис Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке көзөмөлүндө экенин жана маселени чечүүгө бийлик бардык чараларды көрөрүн айткан.

Ал арада Казакстандын түндүгүндөгү Калачи айылында жергиликтүү тургундар массалык түрдө “уйку оорусуна” кабылууда. Мындай сырдуу дартка чалдыккандардын арасында жергиликтүү кеңештин депутаты жана айыл округунун акими да бар. Догдурлар бул илдетти “белгисиз оорунун энцефалити” деп расмий аташса, эл арасында жөн эле “уйку оорусу” деп тергеп коюшкан.

Бул илдеттин белгилери менен бир нече адам 2013-жылдын март айында эле ооруканага түшкөн. Бейтаптар алы кетип, башы айланып, тең салмактуулугун жоготуп, уктап калышканын айтышууда. Учурда бул оорунун себебин иликтөө үчүн Калачи айылында Улуттук ядролук борбордун адистери иликтөө жүргүзүшүүдө.

Коңшу өлкөнүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, 2013 - жылдын март айынан бери ушул күнгө чейин “белгисиз оорунун энцефалити” менен 101 адам катталган.