Актөбөдөгү суу каптоо
Суу каптаган райондогулар кайык менен жылууда.
Актөбөдө суу астында калган үйлөр.
Кирпичный, Келешек, Махамбет, Каргалы, Заречный-2 райондору суу алдында калды. Оор кырдаал сакталууда.
Кирпичный районундагы "Эко" коомчулугунун жашоочулары документтерин гана алууга үлгүргөн.
Кирпичныйдын жашоочулары баалуу буюмдарын желим кайык менен ташып жатышат.
Келешек районунун жашоочуларынын айтымында, суу каптоо 14-апрелде башталган.
Актөбө облусунун чукул кырдаалдар кызматы 290 үй суу астында калганын билдирди.
Актөбө четиндеги сууда калган айыл.
Облустук Чукул кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, 16-апрелде 743 жашоочу эвакуация болгон.
200дөй адам мектептерде ачылган 12 эвакуациялык жайга, калгандары туугандарыныкына жайгаштырылды.
Жергиликтүү бийлик Каргалы дарыясы дагы ташып кетүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Актөбөдөгү куткаруучулар.