Казакстан менен Еврошаркеттин көлөмү 280 беттен турган келишимин даярдоого төрт жылдай убакыт кетти.
"Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими” деп аталган документ боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын бейшемби күнү Брюсселден жарыялап жатып, президент Нурсултан Назарбаев буларга токтолду:
- Казакстан Борбор Азиядан Еврошаркет менен экинчи муундагы келишимге кол коюучу жалгыз өлкө болот. Бул алака-катыш жаңы сапаттык деңгээлге чыгарынын белгиси, биздин өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн баса көрсөтүп турат. Өзгөчө баса белгилеп кетейин, Казакстан менен Еврошаркеттин мамилесиндеги башкы бурулуш биздин өлкөлөр ортосунда виза режимин жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимди даярдоо мүмкүнчүлүгүн макулдашканыбыз болду,-деген Нурсултан Назарбаев Брюсселге Евразия экономикалык союзунун бүгүн Минскиде өтүп жаткан кезектеги саммитинин жуп алдында барды.
Казак президенти Орусия менен экономикалык интеграциянын күчөшүн Кытай жана Батыш менен да ишенимдүү алака аркылуу тең салмактоону көздөп жаткандай.
Өз жагынан Еврошаркет да Борбор Азиянын эң ири экономикасы Орусиянын Бажы, Евразия биримдиги боюнча башкы өнөктөшү саналган Казакстан менен кызматташууга дилгир.
Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу Брюсселдеги басма сөз жыйынында сүйлөп жатып:
- Бул макулдашуу эл аралык мамилелер жөн эле жыйынтыгы жок оюн эместигин, Европа Бажы биримдигинин мүчөлөрү менен бекем жана кубаттуу мамиле түзүүгө ачык экенин көрсөттү. Мына ушундан улам бүгүнкү макулдашуу маанилүү символикалык ишара болду деп ойлойм. Өзүнүн маанисинен тышкары ал Бажы союзунун өлкөлөрү Евробиримдик менен мамилелерин өнүктүрүп, тереңдете алары толук мүмкүндүгүн көрсөтүүдө, - деп билдирди.
Еврошаркет 1990-жылдардын башында эски совет өлкөлөрү менен түзгөн келишимди Казакстан үчүн алмаштыра турган бул макулдашууга тараптар кийинки жылы кол коюшары күтүлүүдө.
Документ Евробиримдикке Москвага караганда Астана менен тыгызыраак мамиле түзүүсүнө жол ачат.
Еврошаркет менен Орусиянын ортосунда дал ушундай макулдашуу түзүү аракети энергия ресурстар базарына байланышкан пикир келишпестиктен баштап, Украина жаңжалына чейинки маселелерден улам туңгуюкка кептелген.
Казакстан менен макулдашылган келишим Евробиримдик Украина, Грузия жана Молдова менен түзгөн саясий ассоциация жана эркин соода келишимдерине караганда алсызыраак экени айтылууда.
Еврокомиссиянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири “Азаттыкка” билдиргендей, Брюссел Казакстан менен макулдашуу боюнча Москванын нааразылыгын байкаган жок. Анын айтымында, казакстандык сүйлөшүүчүлөр макулдашууда өлкөнүн Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык союзундагы милдеттемелери сөзсүз эске алынуусуна кылдат көңүл бурушту.
Евробиримдик - Казакстандын болочок келишими бажы тарифтерин тескебейт. Анткени ал Евразия экономикалык союзунун ыйгарым укугундагы маселе. Ошол эле маалда келишим Евробиримдик менен Казакстан ортосундагы экономикалык башка катнаштарды камтыйт. Алардын ичинде соодадагы техникалык кедергилерди жоюу, азык -түлүк коопсуздугу, кызмат түрлөрү, капиталдын кыймылы, чийки заттар, энергия ресурстары, интеллектуалдык менчик укугун коргоо, соода талаштарын жөнгөрүү боюнча шарттар бар.
Келишимдин тышкы саясат багыты аймактык коопсуздук, терроризм менен күрөшүү, Ооганстан боюнча кызматташуу жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү өңдүү маселелерди камтыйт.
Башкы көңүл демократия жана адам укуктарына да бурулган. Макулдашуу ал бекиткен принциптер узак убакытка же системалык түрдө бузулуп турса бир тараптуу чараларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми виза шарттарын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр башталса, бул бир нече жылга созулушу мүмкүн. Кокус тараптар келишимге жетишсе, Казакстан кайра эле Борбор Азиянын Еврошаркет менен ушундай келишим түзгөн алгачкы өлкөсү болот.