АКШнын Соода министрлиги 7-октябрда тизмеге киргизилген ишканаларга Америкадан Вашингтондун уруксаты жок өндүрүм сатып алууга тыюу салынганын билдирди. Мекеменин маалыматында кара тизмеге кирген ишканалар «уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарын массалык түрдө кармап, аларды технологиянын жардамы менен куугунтуктаган ишке катышы бар» деп айтылат.
Тизмеге Кытайдын коопсуздук тармагындагы 20 мамлекеттик ишканасы кирген. Анын ичинде «Hikvision» ишканасы - дүйнөдөгү видео байкоо системаларын өндүргөн эң ири корпорация. Ошондой эле тизмедеги «Sense Time» жана «Megvii Technology» ишканалары да адамдын жүзүн таануу технологиясы менен иштеген компаниялар.
«Hikvision» компаниясы Казакстанда өкүлчүлүгүн 2015-жылы ачкан. Ишкана өкүлү Леонид Тандын айтымында, компания Алматыдагы жол кыймыл коопсуздугун камсыздоочу «коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырат.
- «Коопсуз шаардын» өзү бир нече бөлүккө бөлүнөт, - деди ал. – Алар - ири трассалар менен көчө кесилиштериндеги жол эрежелерин бузуу, ылдамдыкты ашыра айдоону аныктоо. Биз жолдогу коопсуздукту сактоо тармагындагы долбоорго катышып, иштеп келе жатабыз.
Кытайдагы сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Hikvision» ишканасынын баш кеңсесине барып, анын иши менен таанышкан. Президенттин сапары Казакстандын өзүндө Кытай экспансиясына каршы жана ал жактагы казактарга кысымды токтотууну талап кылып нааразылык акциялары өтүп жаткан учурда болгон.
Компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Чэнь Цзуннянь Токаевди «Борбор Азияда иштеп жаткан коммерциялык долбоорлору» менен тааныштырган. «Казинформдун» маалыматы боюнча, президент Токаев «Hikvision» чыгарган өнүмдөрдү мактап, өкмөткө тапшырма берген.
- Алар баарын санариптештирип жетишкен, - деген казак президенти. - Бардык негизги шаарларды жакшылап санариптештирген. Экранды бассаң эле адам тууралуу бардык маалыматтар чыгат. Окуу жайын качан аяктаган, бош убактысында кайда барат, канча насыя акчасы бар деген сыяктуу жана башка маалыматтарды алууга болот. Биз да ушул багыт менен барышыбыз керек. Азыр бүт дүйнө ушул жолдо.
Президент айткан камераларды алып, санариптештирүү кымбат деле эмес. Муну белгилеген адистер маселенин баары адамдын өзү тууралуу маалымат сакталган серверлерде экенин айтышууда. IT адиси Рымбек Изагали бул адамдан да акылдуу камералар экенин белгиледи:
- Бул камералар адамды бардык тарабынан тааный алат. Маска кийип алсаңыз да, тескери карап алсаңыз да, баары бир тааный берет. Эне баласын үч-төрт жыл көрбөсө деле тааный алат го, бул технология андан да күчтүү. Эч качан жаңылбайт.
Жарандык активист Асем Жапишева мындай камераларды орнотуу адамдын жеке жашоосунун купуялуулугун бузат, эркиндигин чектейт деп эсептейт.
- Бул диктатура. Анткени диктатуранын бир белгиси - адамдардын жай турмушуна киришип, баскан-турганын аңдуу. Өткөндө митингдердин алдында окуу жайларынын ректорлору «мындан ары камера орнотулат» деп айтып жатышкан. Демек, алар да бекеринен айткан эмес экен. Бул бардык эл аралык нормаларга жана Казакстандын Конституциясына да каршы келет, - деди активист.
«Human Rights Watch» уюму «Hikvision» сыяктуу ишканалар чыгарган мындай камераларды пайдаланып, кээ бир өлкөлөр элдин эркиндигин чектеп жатканын билдирген. Уюм май айындагы баяндамасында Кытай Шиңжаңдагы уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарын куугунтуктоодо ушундай камераларды колдонгону айтылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытайдын бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурат.
Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай мекемелерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атайт.