Астанада тарифтер асмандап баратат

Казакстандын ири шаарларында жаңы жылдан тарта электр энергиясына, жылуулукка жана ичүүчү сууга тарифтер көтөрүлдү.

Баш калаа Астана менен эски байтак шаар Алматыда коммуналдык тейлөөлөрдүн акысы көтөрүлүүдө. Кыргызстандан айырмаланып, бул кошуна өлкөдө ар бир аймак үчүн өзүнчө баа бычылган.

Жаңы жылга - жаңы тариф

Алматы шаарынын тургуну Казбек Османов өлкөдө коммуналдык кызмат көрсөтүү акылары жылдан-жылга өсүп турушу көнүмүшкө айланып калганын айтат:

- Жыл башында тарифтер өсөрүнө көнүп деле калдык. Азыр эми жаңы жылдык майрамдардын ша-салтанаты бүтө элек. Кандай кымбаттоо болгонун айдын этегинде төлөм квитанциялары келгенде көрөбүз да...

Казбек Османов «АлматыЭнергоСбыт» компаниясынын монополияны жөнгө салуу агенттигине жолдогон жакындагы кайрылуусу ушундай ойго түртүп жатканын да белгиледи:

- Тарифтер өсүшүнө теңгенин кунсузданышы да бир себеп болуп тургандай. Ушуга шылтоолоп коммуналдык кызматтардын баасы да өсчүдөй болуп турат. Ушундай жагдайды күтүп жатабыз азыр. Анын үстүнө "АлматыЭнергоСбыт" өткөн декабрда бул тууралуу сөз козгободу беле.

Бул кайрылуусунда аталган компания күйүүчү май менен доллар кымбатташына байланыштуу электр энергиясынын бир киловатт/саатынын наркын 17 теңгеге чейин көтөрүүгө уруксат сураган.

Ар кайсы аймакта - ар кандай баа

Кыргызстандан айырмаланып Казакстанда электр акысы үчүн тарифтер жалпы өлкө үчүн бирдей эмес. Ар кайсы аймак, облустар үчүн өз-өзүнчө тариф бекитилет. Маалыматтарга караганда, жакынкы беш жылда бир катар облустарда коммуналдык тейлөө баасы 10-15 процентке чейин өсүүсү күтүлүүдө. Маселен, Оролдо быйыл электр энергиясынын бир киловатт/сааты 4,69 теңге болсо, 2020-жылы 5,31 теңгеге чыгат.

Батыш Казакстан облусунун Монополияны жөнгө салуу департаментинин жетекчиси Валихан Разов тарифтер өсүп жатышын сатуу көлөмүнүн азайышы, жумушчулардын эмгек акысы көбөйүшү жана күйүүчү майга, жабдыктарга баа өсүп жатышы менен байланыштырат.

Аталган агенттиктен баш калаа Астанада 1-январдан тарта электр энергиясына, жылуулукка жана сууга тарифтер жогорулаганын кабарлады. Маселен, "Астана-РЭК" компаниясы быйыл электр энергиясынын бир киловатт/саатынын салыктарды кошпогондогу баасын 2,89 теңгеден 3 теңгеге чейин көтөрөрүн билдирүүдө. “Астана суу арнасы” ишканасы да быйыл ичүүчү суунун куб.метри үчүн бааны 72 жарым теңгеден 94 теңге 25 тыйынга чейин көтөрүү ниетинде. Ошондой эле шаарда жылуулук үчүн да баа жогорулоосу күтүлүүдө.

Бирок ошол эле кезде Казакстанда электр энергиясына, жылуулукка жана сууга баа арзандашын күтүп жаткан аймактар да бар. Маселен Монополияны жөгө салуу комитетинин төрагасы Серик Жумангарин узаган жылдын этегиндеги маалымат жыйынында 2016-жылы Атырау облусунда электр энергиясынын баасы 7, Актөбө облусунда 2 процентке чейин түшөрүн, дагы бир катар облустарда баа өзгөрүүсүз бойдон каларын айткан.

Бирок буга чейинки жылдарда өлкөнүн бир катар аймактарында баа 5-6 пайыздап өсүп отурган. Жогоруда айткандай, бул кошуна өлкөдө ар кайсы аймак үчүн баа ар кандай бычылган. Мындан сырткары электр энергиясына тариф күндүзгү жана түнкү деп да бөлүнөт. Жалпылап алганда, орто эсеп менен азыр Казакстанда бир киловатт/саат электр энергиясынын баасы 14 теңгенин тегерегинде. Бул азыркы курс менен эсептегенде 0,04 центке, же кыргыз сомуна айлатканда 3 сомдун айланасында болот.