Оролдо "Азаттыктын" кабарчысын полиция кармап кетти
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казакстанда “Азаттыктын” казак кызматынын Оролдогу кабарчысы Санат Урналиевди милиция кармап кетти. “Уральская неделя” гезитинин журналисти Раул Упордун айтымында, Урналиевди милиция кызматкерлери шаардагы аянттан кармаган. Күбөлөр тарткан тасмада Санат Урналиевди милиция кызматкерлери күч менен жетелеп бара жатканын көрүүгө болот.