Нур-Султанга сапар, поезддеги бир күн

Алыстагы кызына бешик алып бараткан тараздык апа. Анын кызы Нур-Султан шаарына турмушка чыккан.

Шу шаарынан Нур-Султанга чейин поезд менен 16 саатта жетсе болот. 

Жүргүнчү ташыган поезддеги вагондун ички көрүнүшү. 

Алыскы сапарга чыкканда баарлашуу узун жолду кыскартат.

Поезддин терезесинен көрүнгөн Казакстандын учу-кыйыры жок кең талаасы.

Поезд күндөп-түндөп жол жүргөндүктөн жүргүнчүлөргө жууркан-төшөк, шейшеп, сүлгү берилет. 

Жол боюндагы темир жол станцияларынын бири. 

Жол боюндагы станцияда жүргүнчүлөрдү тамак-аш саткан кыз-келиндер зарыгып күтөт.

Жүргүнчү ташыган поезддердин вагондору купе жана плацкарт болуп, эки түргө бөлүнөт. Ар бир купенин эшиги өзүнчө болсо, плацкартта эшиги жок, баары тышка көрүнүп турат. 

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү плацкарт вагондо жүрүүнү жактырышат. Баасы арзан. Мында жаңы досторду таап, жолду катар ар ким менен чер жазып маектешсе болот. 

Поезддин ичиндеги чай кайнаткан меш. 

Чай ичип жаткан жүргүнчү келин. 

Поезддин ичинде телефонду дүрмөттөп алчу мүмкүнчүлүк кеңири. 

Казакстандагы темир жолдун өнүгүшүнө 1904-жылы Оренбург - Ташкент темир жол каттамынын курулушу себеп болгон. 

Шу темир жол станциясы. 

Өзүн Зауреш деп тааныштырган аял 5 жылдан бери темир жолдогу станциялардын биринде тамак-аш сатып, үй-бүлөсүн багат. 

Күүгүмдү тиктеген ойлуу жигит. 

Поезддин ичинде күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды, тамак-аш, суусундуктардын түрүн сатып алса болот. 

Жүргүнчү ташыган айрым поезддерде Интернет бар. Бир саатка 1000 теңге төлөп Интернетке туташсаң болот. 

Атын атагысы келбеген жигит Нур-Султан шаарына жумуш издеп бара жатканын айтты. Ал курулушта иштөөнү пландап жатат. 

Нур-Султан шаарындагы темир жол вокзалы. 

Казакстандын темир жолдорунун жалпы узундугу 16 614 чакырымды түзөт. Казакстандын түндүгү менен түштүгүн, чыгышы менен батышын гана байланыштырбастан, Азия мамлекеттери үчүн Европага жол ачат.