Орусиялык жаштардын жыл сайын өтчү «Селигер» форумуна барып, катышуучулар менен баарлашкан президент Путин Москвадагы Эл достугу университетинин студенти Анна Сазонованын эгерде президент Назарбаев бийликтен кетсе, Казакстанда Украинадагыдай сценарий болушу мүмкүнбү жана евразиялык интеграциянын келечеги кандай деген суроосуна Владимир Путин калкынын саны жагынан Орусиядан 10 эсе кичине мамлекет европалык өлкөлөргө салыштырганда чоң мамлекет экендигин айтып келип, казакстандыктaрдын басымдуу көпчүлүгү Орусия менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар деген көз карашын айтты.
“Казакстан бизге жакыныраак стратегиялык союздаш жана өнөктөш. Биринчиден, президент Назарбаевдин ден соолугу чың, кудайга шүгүр, азыр эч жакка камынбай эле. Акылман жетекчи катары ар дайым өз өлкөсүнүн келечегин ойлойт. Ал уникалдуу эмгек кылды. Мурда эч кандай мамлекети жок жерде мамлекет түздү. Казактардын мамлекеттүүлүгү болгон эмес», - деген Путин казак президентинин лидер катары тарыхый ролун айтып мактай кетти.
“Назарбаев – абдан билимдүү жетекчи. Постсоветтик мейкиндикте, балким, жетекчилердин эң билимдүүсү. Ал өз калкынын эркине каршы чыкпайт, өз эли эмне күтөөрүн илгиртпей сезет. Соңку мезгилде анын уюштуруучулук таланты, саясий тажрыйбасына таянып жасалган иштер Казакстандын мамлекеттик кызыкчылыктарына төп келет”.
Путин Евразия биримдиги деген стратегия Назарбаевдин идеясы экенин, Орусия аны ишке ашыруу үчүн процесске кошулганын белгиледи. Казакстан, Беларус, Орусия кирген Евразия союзу казакстандыктарга «чоң орус дүйнөсүнүн мейкиндигине» жол ачаарын тактап өттү.
Украинадагы окуялардан улам айрым эксперттер Кремлдин узун укуругу эми чектеш Казакстандын орус тилдүүлөр көп жашаган түндүк аймактарына дагы жетет деген кооптонууларын айтып жиберишкен. Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский «Эхо Москвы» радиосуна берген маегинде «Украинадан кийин эми Казакстанды басып алабыз» деп балп эттиргени казактарда «русофобиялык маанайдын» күчөшүнө түрткү бергендей.
Ал эми өткөн аптада Минскте президент Назарбаев Украинанын президенти Порошенко менен жолукканда Киевдин Евробиримдик менен ассоциациясын колдогону Москва үчүн күтүлбөгөн жагдай түздү.
Путиндин айтканы казак коомун намыстандырып, интернетте талкуу кызып турган маалда Нурсултан Назарбаев мамлекеттик "Хабар" агенттигиндеги маегинде эгер Казакстандын кызыкчылыктарына шек келтирсе, Евразиялык экономикалык кошуундан чыгып кетүүгө укугу бардыгын эскертти. «Келишимдеги эрежелер так аткарылбаса, Казакстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүктөн баш тартууга толук укуктуу" деген Назарбаев «көз карандысыздыкты сактоо үчүн бардык күч-аракет» жумшаларын баса белгиледи.
Москвалык политолог Аджар Куртов президент Назарбаевдин жогорудагы айтканы Путиндин сөзүнө жооп эмес деп, “Назарбаев казак мамлекеттүүлүгү тууралуу өзү эки жыл мурун айтканын” эске салат. «Путин тарых илимдеринин доктору эмес. Антсе дагы «азыркы мамлекет» деген терминди колдонсо саясий жактан туура болмок" деп тактайт.
Путиндин тарыхый аргументи 2005-жылы Нурсултан Назарбаевдин казактар мурда өз эрки менен мамлекет түзгөн эмес жана мамлекеттик чек аралары жок болчу деген сөзүн кайра эске салды. Оппозициялык саясатчы, мурдагы депутат Жасарал Куанышалин «өзү башкарып отурган эл, ошол элдин байыркы тарыхы жөнүндө ошентип айткан эл башчысы бар бекен? Менимче жок. Өкүнүчкө карай бизде ошондой болду. Мынакей 2005-жылдын 24-августунда Назарбаев ушул сөзүн айтканда, мен уятым чыдабай, аны сотко бергем. Аны соттоонун ордуна менин өзүмдү соттошту го» деп бир кезде президентти сотко берип, өзү доого жыгылганын эскерет.
Астанадагы Лев Гумилев атындагы Евразия университетинин ректору Ерлан Сыдыков «казак этносунун калкташуу процессин 15-кылымда деп билебиз. Ал кездеги мамлекет Казак хандыгы деп аталган. Ал 18-кылымдын 20-жылдарына чейин орустар, кытай династиялары менен алака түзүп келген. Казак мамлекети жок деп тарыхты жокко чыгара албайбыз» деп илимий булактар аны тастыктап турганына басым жасады.