Казакстанда жүздөй киши кармалды

22-февралда Алматы, Нур-Султан, Актөбө, Шымкент шаарларында бийликке каршы митингге чыккан ондогон жарандар кармалды. 

Нур-Султан жана Алматы шаарында бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн “Казакстан демократиялык тандоо” кыймылынын митингинде ондогон кишилер кармалды. Саясий кыймыл Казакстандын бир нече шаарында нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

Нур-Султандагы Республика проспектисинде бир нече киши кармалды. Кармалгандардын так саны белгилүү боло элек.

Нур-Султандагы Республика проспектисиндеги “Жаштар” сарайынын жанында полициянын автобустары турат жана жарандык кийимчен кишилер жүрөт. Имаратка кирүүчү жол жабылды, жанындагы соода түйүндөр жана финансы уюмдары иштеген жок.

Полиция активист Жанболот Мамайдын аялы Инга Мамайды да кармап кетти. 

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары Чымкенте полиция Көз карандысыз паркынын жанынан жыйырма кишини, Актөбөдө 10 кишини кармаганын кабарлады.

Чымкент шаарында митингге чыккан бир нече адам кармалды. 

Казакстандык демократиялык тандоо” кыймылын оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн. Кыймыл 2018-жылы “экстремисттик” деп табылып, Казакстанда тыюу салынган. Башкы прокуратура болжолдонгон нааразылык акцияларынын алдында жарандарга жыйындар мыйзамсыз экенин эскерткен.

22-февралда Алматы, Нур-Султан, Актөбө, Шымкент шаарларында митингге чыккан ондогон жарандар кармалды.