Казакстанда митингге чыккандар кармалды

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дон баштап полиция Алматыдагы Абай жана Ахмет Байтурсунов көчөсүнүн маңдайында жүргөн адамдарды күчкө салып кармай баштады.

 

Полиция адамдарды эмнеге кармап жатканын түшүндүргөн жок. 

 

"Азаттыктын" кабарчыларынын баамында кеминде жүздөгөн адамдар кармалган. 

Кармалгандардын көбү көчөдөн жөн эле өтүп баратканын, эч кандай митингге катышпаганын айтып жатты. 

 

Кармалгандарды полиция бөлүмүнө алып кетишти. 

Абай мен Ахмет Байтурсунов көчөсүнүн маңдайында акимчиликте иштегендер менен прокуратура өкүлдөрү да жүрдү.

Абай көчөсүнүн боюнда Казакстандын туусун кармап турган адам.  

Эл аралык уюмдар казак бийлигин "Адам укугун жана элдин тынч митингге чыгуу укугун бузат" деп сындап келет. Казакстан бул айыптоолорго жооп бере элек. 

 

4-июлда Казакстандын Башкы прокуратурасы "6-июлда мыйзамсыз митингге чыккандар жазаланарын" маалымдаган. 

"Азаттыктын" кабарчыларынын маалыматында Абай жана Ахмет Байтурсунов көчөлөрүнүн боюнча соода жайлары жана дүкөндөр жабылган. 

 

Нур-Султанда да жүздөгөн адамдар кармалды. Беткап кийген, кол чатырчан адамдар кабарчылардын ишине тоскоолдук жаратып жатты. Алардын ишине полиция тоскоолдук кылган жок. 
 

Бул күнү Чымкент калаасында да ондогон адамдар кармалды. Белгисиз адам "Азаттыктын" кабарчысынын ишине тоскоолдук кылды. 
 

Чымкентте адамдарды кармоого форма кийбегендер да кол кабыш кылды. 
 

Чымкент. 

Чымкент.

Чымкент.

6-июлда эртең менен "Нур Отан" партиясы Алматыда митинг өткөрдү. Алар "эл бузарларды" сындап, "Аблязов бузуку", "Согушка каршыбыз", "Экстремистти колдобо" деген плакаттарды кармап турушту. 
 

Аблязовдун жактоочуларына каршы адам. Алматы.