Астанадагы көк бөрү чемпиондугу: Сүрөт баян

Оюндардын ачылышы Астана филорманиясынын артисттери ойногон казак күүлөрү менен башталды.  

Мелдештердин алдында көрүүчүлөргө улуттук "Асык атуу" (ордо) оюну тартууланды. 

Ошондой эле тамашалуу "Кыз куумай" оюну да болду. 

Көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугуна күйөрмандар оюндарды көрүүгө өз улуттук кийимдери менен келишти. 

Эр оодарыш оюнуна түшкөн казак жигиттери. 

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугуна Ооганстан, Кытай, Монголия, Венгрия, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, АКШ жана Казакстандын командалары катышууда. Кыргызстан "А" тобунда Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия командалары менен мөөрөй талашууда. 

Кытай командасы толугу менен этникалык казактардан түзүлгөн. Алар биринчи оюнун Азербайжан командасы менен ойномок. Бирок Азербайжандын командасы келбей калгандыктан алар дароо кийинки айлампага өтүштү. 

Командаларды тааныштыруу учуру. 

Көкпар федерациясынын желегин көтөрүү ышкырык-сүрөөн менен коштолду. 
 

Көк бөрү чемпионатына келген командалар.

АКШнын Казакстандагы элчиси Жордж Крол куттуктоо сөзүн казакча окуду.

АКШ командасынын мүчөсү Денни Лэй даярдыктар учурунда бутун кокустатып алып, улак тартышка катышпай калды. Ал колуна Вайоминг штатынын байрагын алып, сүрөп жаткан учуру. АКШнын улакчыларынын көбү Вайоминг штатынан болушат. 

Кыргызстан менен Монголия командарынын оюнунан бир көрүнүш.

Кыргыз күйөмандары өз командасы улак таштап, эсепти ачканын сүрөп жатышкан кези. Жыйынтыгында кыргыз командасы Монголиянын улакчыларын 4:0 эсебинде утту. ​Оюндар казактардын көкпар эрежеси боюнча өтүп жатат. Көк бөрүдөн негизги айырмачылык улак тайказанга эмес, диаметри үч метрди түзгөн тегерек чийиндин ортосуна салынат. Оюнчулар улактын ордуна атайын жасалган кепти (муляж) тартышат. Командалардын беттеши 20 мүнөттөн эки таймга созулат. 


 

Көк бөрү оюн талаасында гана эмес, күйөрмандар ортосунда да кызуу талаш-тартыштар менен коштолду. Ипподромдун дикторлору эгер алар тынчтанбаса, оюнду токтотуп коюуга чейин барарын эскертип жатты. 

Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.