Нур-Султан: жетекчилер энелердин талабын укту

Казакстандын борборунда нааразылыкка чыккан энелер менен Нур-Султан шаарынын акими Бакыт Султанов, эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев жолукту. 16-май, 2019-жыл.

16-майда Нур-Султан шаарында кыркка жакын аял кайрадан үй жана жөлөкпул берүүнү талап кылып акцияга чыкты.

Алардын арасында көп балалуу энелер, жалгыз бой аялдар жана майып балдарды багып жаткан келиндер да бар. Нааразылыкка чыккандар менен Нур-Султан шаарынын акими, эмгек жана социалдык коргоо министри жолукту.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын акимчилигине чогулган энелер алар менен жолугууга аким да, орун басарлары да чыкпаган соң Астана экономикалык форуму өтүп жаткан Конгресс борборуна барышты. Бул форумга Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаев катышып жаткан.

Нааразылыкка чыккан энелердин бири Аккуу Алимжанова: «Беш балам бар. Батир жалдап жашайм. Күйөөмдүн тапканы жетпейт, акча топтолбойт. Бекер үй сурап жаткан жокпуз. Мисалы, мен ай сайын бирөөгө батир үчүн 50 миң теңге төлөп жатам. Ушундай төлөй турган үй берсе деп сурап жатам. Бекер сураган жокмун», - деди.

Полиция жана атайын күчтөр курчоого алган энелерди шаардык полиция департаментинин өкүлү Бакытжан Малыбаев тароого чакырды. Бирок энелер мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаев катышуусунда өтүп жаткан имарат алдында «Элбасы!» деп кыйкырып, «Баш паанек!» деген талаптарын кайталап, 20 мүнөттөй турушту.

«Күйөөм жакында гана дүйнөдөн өттү. Беш балам бар, майып балам бар. Батирде акча төлөп жашайбыз. Үй керек. Ушул жерде жүргөндүн баары бекерден бекер жүргөн жок», - деди энелердин бири Сауле Керимкулова.

Ушундан кийин гана аларга Нур-Султан шаарынын акими Бакыт Султанов менен эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев чыкты.

Бакытжан Султанов энелер менен бирге автобуста бара жатат. 16-май, 2019-жыл.

Сапарбаев менен Султанов энелерди чогуу акимиятка барууга, ошол жерден ар биринин сөзүн угуп, маселесин талкуулоого көндүрдү. Бирок энелер «бул жыйынга сөзсүз журналисттер, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары да катышсын» деген талап коюп, бийлик өкүлдөрүнүн каршылыгына карабай автобуска салып алышты. Андан кийин энелер журналисттерди шаардык акимияттын имаратына да алып киришти.​

«Булардын көтөрүп жатканы негизги маселеси үй. Биз мыйзамдуу мамлекет болгондон кийин баары мыйзамдын алкагында чечилиши керек. Мыйзам боюнча кезек бар. Албетте, кээ бирөөлөр кезекте жок. Андан начар жашаган үй-бүлөлөргө жардам беришибиз керек. Азыр биз бул багытта иштеп жатабыз», - деп жооп берди автобустун ичинде бара жатып Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев «Азаттык» радиосунун суроолоруна.

Энелердин айтымында, бийликтин үй берүү маселесин чечүү боюнча сунуш кылган программасы натыйжасыз. Алар үйдү алгачкы төлөмсүз, банк комиссиясы жок берүүнү талап кылып жатышат. Үй жана жөлөкпул алуу боюнча талап кылынган документтерди даярдоодо да тоскоолдуктар болуп жатат.

Бакытжан Султанов менен жолугушууга келген энелер. 16-май, 2019-жыл.

​Нур-Султан шаарынын акими Бакытжан Султанов энелердин талаптарын угуп, мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди:

«Кезекте тургандарга үйдүн санын көбөйтүүгө аракеттенебиз. Өкмөт ар кандай программалар аркылуу Алматыда да, Чымкентте да ушул маселени чечүүгө аракеттенип жатат. Себеби бизде маселе чындыгында да көп. Кезекке тура албай жаткандар да бар».

Казакстанда көп балалуу энелер февраль айынан бери баш калаа Нур-Султанда жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушту. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар маселелерди чечип берүүнү талап кылышкан. Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Нур-Султанда жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.