Казакстан COVID-19га 14 млрд. доллар коротту

Алматы. 11-май, 2020-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө коронавируска каршы күрөшкө 14 миллиард доллардан ашык акча жумшаганын билдирди. Бирок бул күрөшкө сарпталган суммага казакстандыктар таң кылып бүтө албай жатышат.

Медицина кызматкерлери убада берилген акчаны албаганын айтып жатышат. Ал эми жарандык активисттер ал акчанын эсебинен элдин насыялары кечилишин, андан сырткары ар бир жаранга 200 миң теңгеден акча таратууну талап кылууга камынышууда.

Биз болгону 7 миң теңгеден гана бир жолу кошумча акы алдык.

Нур-Султан шаарынан анча алыс эмес жердеги Кушчу айылынын «Тез жардам» кызматкерлери жыйын куруп, өкмөт убада кылган кошумча акчаны жетекчилигинен талап кылышты. Буга чейин Казакстандын өкмөтү коронавирус убагында иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөп берүүгө убада берген. Бирок «Тез жардам» кызматында иштеген фельдшерлерлердин айлыгы көтөрүлгөн жок. Жаш фельдшер Жарылкасын Өткүр уулу иштен кетүүгө даяр экенин айтты:

«Биз болгону 7 миң теңгеден гана бир жолу кошумча акы алдык. Ал акча март айынын аягында берилген. Андан бери эч кимге эч нерсе төлөнгөн жок. Жетекчилик болсо премия берилет деген убадасын кайталап келет. Бирок кана ошол премия? Мен азыр эле иштен кетүү тууралуу арыз жазганга даярмын. Иштегенге болбой калды».

Дагы караңыз Казакстандагы «карантин жөлөкпулунун» чуусу

Бул дарыгерлердин нааразылыгына президент Касым-Жомарт Токаевдин акыркы билдирүүсү себеп болду. Ал коронавируска каршы күрөшкө Казакстан 6 триллион теңге жумшаганын айтты. 6 триллион теңге азыркы баа менен санаганда 14 млрд. долларга жакын акча болот. Ал эми жөнөкөй жарандар 13 миллиард доллар коротулган менен өлкөдө кандайдыр бир кескин өзгөрүү болбогонун социалдык тармактарга жарыялашууда. Жарандардын суроосуна президенттин кеңешчиси Олжас Кудайбергенов жооп бергенге аргасыз болду:

«Жарандарга жөлөкпул катары 42 500 теңгеден төлөөгө 386 миллиард теңге бөлүндү. Жөлөкпул алуучулардын саны 4,5 миллионго жакын адам. Акчанын жарымын төлөп бүттүк. Калганын төлөп жатабыз. Медицина тармагынын кошумча чыгымдарына 125 миллиард теңге бөлүмдү. Мунун көп бөлүгү коротулуп бүттү».

Дагы караңыз Казакстанда дары издеген бейтаптар көбөйдү

Президенттин кеңешчиси «каражатты коротуу уурдоо дегенсөз эмес» деди. «Сөз болуп жаткан каражат конкреттүү мамлекеттик программаларды каржылоого жумшалган. Ал программалар жылдын аягына чейин аткарылат. Мисалы, жумуш орундарын түзүү программасына бир триллион теңге бөлүнгөн. Дагы 1 триллион теңге ишкерлерге насыя берүүгө коротулат», - деген кеңешчи буга окшогон 11 долбоорду атады.

Бирок бийликтин бул жоопторуна жарандык активисттер ишенген жок. Тескерисинче, алар коронавирус менен күрөш үчүн коротулган каражаттарды ачыкка чыгарууну жана элдин буга чейин алган насыяларын кечирүүнү талап кылышууда. Жарандык активист Жанболат Мамай талаптар аткарылбаса тынч митингге чыгышарын эскертти:

Жанболат Мамай.

«Казакстандагы ар бир үй-бүлөгө 200 миң теңгеден таратылып берилсин. Анткени азыр алардын баары үйдө отурат. Акчалары жок. Алар азык-түлүк, дары-дармек сатып алыш керек. Андан сырткары чакан жана орто ишкерлерди кийинки 3-6 айга салыктан бошотуу керек. Эң башкысы Казакстандын ар бир жаранынын буга чейин алган насыялары кечилиши керек. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда тынч митингге чыгууга аргасыз болобуз. Анткени бийлик митингден башка тилди түшүнбөй жатат».

Расмий маалымат боюнча Казакстанда коронавируска кабылган 5160 учур катталды. 32 адам каза болду. 16-мартта киргизилген өзгөчө абал 11-майда алынды. Бийлик карантиндик чектөөлөр этап-этап менен жоюларын билдирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​