COVID-19: Алматынын сыртындагы көрүстөндө 32 жай табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казак бийлигинин расмий маалыматына караганда, Алматы шаарында COVID-19 вирусунан 10 адам каза тапкан, бирок Алматы облусунда өлүм катталган эмес. Шаардан 50 чакырым жердеги атайын көрүстөндө 32 кишинин жайы табылды. Бир нече мүрзөдө коронавирустан каза тапкандардын тизмесинде жок адамдардын аты-жөнү жазылган. «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Кара-Ой айылындагы көрүстөнгө барып, жагдайды жеринен көрүп келди.