Арыстыктар: Талкаланган шаарга кайтпайбыз

Арыстын тургундарына жаңы башпаанек берүүнү талап кылгандардын акциясы. 27-июнь, 2019-жыл.

Казакстандын Чымкент шаарында жүздөгөн адамдар мечитке барган жолду тосуп алышты.

27-июнда эртең менен жүздөгөн адамдар мечитке барчу жолду тосуп, бийлик өкүлдөрү менен жолугуштурууну талап кылышты. Бул мечитке Арыс шаарынан Чымкентке эвакуацияланган адамдар жайгаштырылган. Түркстан облусунун Арыс шаарына жакын ок-дары сакталган кампада мындан төрт күн мурда өрт чыгып, жарылуу болгон.

Чогулгандар жолду тосуп алып, Арыска кайтып барбай турганын, аларга калктуу конуштардан жер бөлүп берүүнү талап кылышты. Жол тоскондорду полиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.

Көп өтпөй жол тоскондорго Чымкенттин акими Габидулла Абдрахимов келди. Адамдар аны тегеректеп алып, бири-биринин сөзүн бөлүп, өз талаптарын коё башташты. Аким шаар бийлиги колдон келгенин жасап жатканын, эвакуцияланган адамдарды азык-түлүк, кийим-кече менен камсыз кылып жатканын айтып, аларды сабырдуу болууга үндөдү.

«Кайсы сабыр тууралуу айтып жатасыз?» - деп нааразы болгондордун үнү катуу чыгып жатты.

«Эгерде кыйкыра берсеңер мен силерге Чымкентте үй берем деп ойлоп жатасыңарбы? Келгиле, баарыңар тынчтангыла. Сен тынчтан, макулбу?» - деп аким нааразы болгондордун бирине кайрылды.

Чымкенттин акими чогулгандарды мечитке барып, сүйлөшүүлөрдү ошол жерден улантууга чакырды. Айрым адамдар аким менен кошо мечитке жөнөштү, жарымы көчөдө кала беришти.

Мечитте Габидулла Абдрахимов өкмөт Арыстагы үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада бергенин, колдонууга жараксыз болуп калган объектилерди кайра куруп берээрин айтты. «Шаарды туш тарапка чачыраган ок-дарылардан тазалап, жолдор ачылган соң жашоочулар өз үйлөрүнө кайтып барышат» деп түшүндүрдү аким. Ал Чымкент шаарынын бийлиги эвакуациялангандарга колдон келген жардамын берип жатканын, эгерде жардам өз убагында келбей жатса, бул үчүн кечирим сурай турганын айтты.

Акимден кийин сөз алган аял Арыстан көчүрүлгөндөр жарылуудан жабыркаган шаарга кайткысы келбей жатканын, Чымкенттен үй берүүнү талап кылышканын айтты.

Абдрахимов арыстыктар үчүн Чымкентте үй бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогонун, шаарда 150 миң адам үй алууга, 100 миң адам жер алууга кезекте турушканын айтты:

«Мен аларга эмне деп айтам? «Силерге үй жок, биз арыстыктарга үй беребиз» деп айтамбы?»

Абдрахимовдун бул билдирүүсүнөн кийин чогулгандар ордунан туруп, нааразы боло башташты. Ошол маалда мечиттин ичиндеги үн колонкаларынан эркектин үнү чыгып, Курандан сүрөө окуй баштады. Адамдар жерге чөк түшүп, мечитте бир саамга тынчтык орноду.

Ал арада көчөлөрдө нааразылык улана берди. Жолду тоскондор аларга Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев келмейинче тарабай турганын айтышты. Шукеевдин кеңсеси Чымкенттен 170 чакырым алыстыктагы Түркстанда орун алган. Түшкө маал Шукеев да келип, мечитке кирди. Мечиттин ичи кымгуут болуп, Шукеевдин сөзү угулган жок.

Ал эми көчөдө турган адамдар «Азаттыктын» кабарчысына Арыска барып келишкенин айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, ок-дарынын жарылуусунан жана андан кийин чыккан өрттүн айынан шаарда кенен дем алууга мүмкүн болбой калды, мал-жандыктын баары өлдү, көпчүлүк үйлөр талкаланып же зыянга учурады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды

24-июнда Арыста ок-дары сакталган кампада жарылуу болгон. Бул күнү шаардан 41 миңден ашык адам чыгарылган. Анда жарадар болгон үч адам каза тапкан, ондогон адам ооруканага жаткырылган, алардын арасында абалы өтө оорлору да бар.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылдын март айында шаардан эки чакырым алыс жайгашкан бөлүктө жарылуу болуп, төрт киши мүрт кеткен, 20дай киши жарадар болгон. Анда аскердик шаарчанын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 2015-жылкы жарылуу бир адамдын өмүрүн алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.