Арыстагы жарылуудан кийинки жашоо

Ок-дары кампасынан 100 метр аралыкта жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. Казак бийлигинин маалыматына ылайык жарылуунун айынан 26 үй күйүп кеткен.

Жарылуудан Арыс шаарындагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын 28-июнда Түркстан облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Нургали Жунусов билдирди.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы үйгө түшкөн снарядды көчүрүү операциясына күбө болду. Сапёрлор снаряд түшкөн үйдүн ичин 2 метрге чейин казып, аны алып чыгышты.
 

Сапёрлердун айтымында, тегерек-четин казып чыккан бул снаряд жапырт ок атуучу реактивдүү системаларда колдонулат. 

Снаряддын изи. 

Снарядды үч сапёр алып чыкты. 

Сапёрлер снарядды көчөгө алып чыгышууда. 

Снаряд жаңы курулган үйгө түшкөн. 

Жарылууда үйгө түшкөн снарядды сапёрлер сырткары алып чыгып жаткан чагы.

Ок-дары кампасынан бир чакырым аралык алыстыкта түшкөн аскер снаряды. Бул сүрөт 29-июнь күнү тартылган.

Шаардан алыс барбай эле жерде жаткан жарылуучу заттарды көрүүгө болот. Бирок 28-июнда казак бийлиги шаар "толук тазаланды" деп маалымат тараткан. 

Кумдагы металлдын калдыктары.

Жарылган снаряддын калдыгы. 

 27-июнда арыстыктардын айрымдары шаарга кайтып барбай турганын билдиришип, бийликтен башка аймактан жер бөлүп берүүнү талап кылган. 

Жергиликтүү бийлик уюштурган автобустар Чымкент шаарында баш калкалап жаткан миңдеген адамдардын бир бөлүгүн 28-июнда Арыска жеткире баштаган.

Үйлөрү жараксыз абалда калган тургундар үчүн шаардык мектепте убактылуу жашап туруучу пункт ачылды.  

 

Үй ээси жарылуудан кийин кыйраган үйүнүн чатырын оңдоп жатат.

Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.