"Элге ок аткандар соттолсун!"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алматынын Республика аянтында 13-февралда Январь окуяларынын курмандыктары эскерилди. Бир айдан ашык убакыт мурда ушул аянттагы тынчтык акцияларынын арты кан төгүүлөр менен аяктаган.
Эскерүүдө сөз сүйлөгөндөр өз көйгөйүн айтып, тынч митингге чыккан адамдардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону, далилсиз тергөө абактарында отургандарды бошотууну талап кылышты.