Алматыдагы митинг: "Чал кетсин!"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ишембиде Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адам кармалды. Нур-Султанда полиция акция өтөрү айтылган аянтка эрте келген онго чукул кишини кармап кетти. Алматыды да полиция жолду тороп, өлкөдө тыюу салынган “Көчө партиясынын” митингге чыккан ондогон мүчөсүн алып кетти. Кызыл-Ордо, Чымкент, Семей шаарларында да ондогон адам кармалды. "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.