"Казахмыстын" баалуу кагаздарынын куну качты

"Казахмыстын" ишканасы.

Дүйнөдөгү жез өндүрүүчү гиганттардын бири - “Казахмыс” компаниясынын баалуу кагаздарынын куну 8% арзандады.
“Казахмыс” акциялары Лондондун фондулук биржасында катталган тоо кен тармагында иштеген 350 компаниянын бири. Март айынын башында эле компания өздүк баасы же жалпы капиталынын көлөмү боюнча биржадагы 100 мыктынын катарында болчу.

“Казахмыс” жез жана күмүш өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң чоң он компаниянын бири. Анын 20 рудниги, 10 тоо кен комбинаты, 2 жез эритүүчү заводунда 60 миң адам эмгектенет.


Албетте, акциялардын арзандашы “Казахмыстын” өздүк капиталын 2,2 млрд. долларга азайтканга мажбурлады. Бул болжолдонуп жаткандан 520 млн. долларга көп. Анын себебин компания өлкөдөгү дагы бир металлургиялык дөө-шаа Eurasian Natural Resources корпорациясы, кыскача ENRCтеги 26 проценттик үлүшүнүн наркынын төмөндөшү менен түшүндүрдү. Бул корпорация өткөн жумада жарыялаганга караганда, алюминийдин дүйнөлүк рынокто арзандашына, платина өндүрүүдөгү проблемаларга жана Африкадагы жез өндүрүшүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу 2012-жылы 1, 2 млрд. доллар чыгым тарткан.

Көп тармактуу Eurasian Natural Resources корпорациясы Кытай, Орусия, Бразилия, Африкада иш жүргүзөт. Акциялары Лондондун биржасында сатыкка коюлган. Хромдун кору боюнча ENRC КМШдагы биринчи орунда турат.

Казакстандык экономист Рахман Алшанов “Казахмыстын” Британиянын фондулук биржасында сатыкка коюлган акцияларынын наркы качканын убактылуу көрүнүш деп санайт жана өндүрүшкө, жумушчуларга эч кандай таасир этпесин айтат:

- Жалпылап айтканда, “Казахмыстын” келечеги жакшы. Сырье жагынан айрым проблемалар болсо дагы, азыр анын үстүнөн ургаалдуу иштешүүдө. Баалуу кагаздардын наркы дайыма бирде өйдө кетип, бирде ылдый кетип, туруктуу болбойт эмеспи. Акциялардын убактылуу арзандашы жумушчуларга таасир этпейт. Себеби компаниянын келечеги жакшы, пайдубалы бекем. Компаниянын заводдорун сырье менен камсыздоо боюнча проблемасы бар. Бирок алар жаңы кендерди иштеткени жатышат. Башка өлкөлөрдө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Ошон үчүн компания менен эртең бир нерсе болуп кетет дегенге эч кандай негиз жок.

“Казахмыстын” жетекчилиги 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы чыгашасы 2,27 млрд. долларды түзгөнүн, кирешеси 2011-жылга салыштырмалуу 30 процентке азайганын билдирди. Анын ичинде Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө 162 млн. доллар сарптаган. Бул кен иштей баштаса, алтын жана жез өндүрүлөт.

“Казахмыс” жез жана күмүш өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң чоң он компаниянын бири. Анын 20 рудниги, 10 тоо кен комбинаты, 2 жез эритүүчү заводунда 60 миң адам эмгектенет. Казакстанда өндүрүлгөн жездин 90 проценти ушу компанияга таандык.

Компаниянын эң чоң акционери, анын Директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Ким. Ага “Казахмыстын” акцияларынын 28 проценти таандык экенин финансы дүйнөсүндө кадыр-барктуу Financial Times гезити 27-мартта жазды. Казак өкмөтү компаниянын акцияларынын 26 процентине ээ.

Бирок Globall Witness бейөкмөттүк уюмунун компаниянын ээлеринин үлүшүн тастыктаган документтерди көрсөтүү өтүнүчүн “Казахмыс” 2005-жылы Лондон биржасына катталганда бардык талаптарды аткарганын айтып, эки жыл мурда четке каккан.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Globall Witness ишкерлик чөйрөсүндөгү жемсөөлүк жана адам укуктарын бузууларга байкоо салат. Бул уюмдун талдоочусу Томас Мэйн акционерлер үчүн ишкананын ээлери ким экенин, операцияларды кандай жүргүзгөнүн билип туруу маанилүү дейт:

- Биз мурда айтканбыз: компания талаптагыдай ачык болсо, биз анын операцияларын көзөмөлдөй алмакпыз. “Казахмыс” Лондондо катталып жатканда, анысын толук тактай албай калганбыз. Инвесторлор үчүн ишкананын ээлери ким экенин тастыктаган документтерди көрүшүбүз керек. Себеби “Казахмыстын” айрым менеджерлери менен Казакстандын президенти ортосундагы байланыштар бар экени айтылып жүрөт. Компания жездин баасы 10 процентке арзандагандан улам, акциялары кунун жоготконун билдирди. Башка себептерин ачыкка чыгарбады. Казакстандык жана британиялык акционерлер эмне болгонун ачык билиш керек.

Лондон биржасынан келген кабар казакстандык компаниянын баалуу кагаздарына кызыккандар азаят, андан улам өндүрүштү кеңейтүүгө зарыл капитал бир кыйла таңкыс болот дегенди түшүндүрөт.

Ырас эле, маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылы “Казахмыс” жез өндүрүүнү кыскартапйт. Бирок жогорудай айтылгандай, эл аралык базарда жездин баасы арзандагандан улам өндүрүштүк чыгымдарды өткөн 2012-жылга салыштырмалуу 10 проценттен 25 процентке чейин кыскартат.