Кыргызстандын Чүй облусу менен Казакстандын Жамбыл облусунун ортосундагы эки автожол өткөрмө бекетинин макамын өзгөртүүнү караган протоколду казак парламентинин төмөнкү палатасы 16-октябрда жактырды.
Ага ылайык, «Токмок» - «Сарытобе», «Кең-Булуң» - «Аухатты» өткөрмө пункттары мурдагыдай «эки тараптуу» эмес, «көп жактуу эл аралык бекет» деген макамга ээ болот. Башкача айтканда бул бекеттер Кыргызстан менен Казакстандын гана эмес, үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын товарларын жана машинелерин да өткөрө баштайт.
Мажилисте баяндама жасаган Казакстандын индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Бейбут Атамкуловдун айтымында, мындай өзгөрүү кыргыз-казак чегиндеги «Ак-Тилек»- «Карасу» жана «Акжол» - «Кордай» бекеттериндеги автоунаалардын агымын азайтууга көмөктөшөт.
- Бул чара Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык карым-катнашты мындан ары жакшыртат жана Борбор Азия мамлекеттеринин товар жүгүртүүсүнө оң таасир тийгизет. Аталган протоколду ратификациялоо бюджет каражатын талап кылбайт, -деди министр.
Күттүргөн документ
Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн чек арадагы өткөрмө пункттар тууралуу 2003-жылкы келишимине өзгөртүү киргизүүнү караган бул протоколго 2018-жылы август айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астанага барганда кол коюлган. Бул демилге кыргыз тарапка таандык.
Кыргыз өкмөтү эки бекеттин макамы көтөрүлсө, чет өлкөлүк туристтерге сезон маалында Ысык-Көлгө тоскоолдуксуз барууга жол ачыларын, башка өткөрмө пункттардагы тыгын азаярын белгилеген.
Өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбековдун айтымында, кыргыз тарап тиешелүү протоколду жазында ратификация кылып, казак тараптын чечимин күтүп жаткан.
- Быйыл 12-июлда Казакстандын премьер-министри Бишкекке келгенде да биздин премьерибиз «күтүп жатабыз» деп айткан. Себеби биз «Акжол» бекетин туристтик сезон бүткөндөн кийин биргелешип реконструкция кылалы деген маселе көтөргөнбүз. Оңдоп-түзөө иштери учурунда үчүнчү тараптын жарандары кыйналып калбашы үчүн эки бекетти көп тараптуу кылууну тездетели дегенбиз, - деди Айдарбеков.
Азырынча эки бекет жаңы макамда качан ишке киришери так маалым боло элек. Казак Мажилиси тиешелүү протоколду парламенттин жогорку палатасына - Сенатка жөнөттү.
Аткезчиликке каршы жаңы чара
Нур-Султан менен Бишкектин 2017-жылкы өз ара таарынычы тараса да, кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен ири жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги туруп калып жатат. Адатта казак тарап чек арада текшерүүнүн күчөгөнүн аткезчиликти токтотуу, бажы талаптарынын аткарылышын камсыздоо максаты менен түшүндүрүп жүрөт.
Шаршемби күнү Мажилистин депутаттары өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликти кантип токтотууну көздөп жатканына кызыгышты. Казакстандын финансы министринин орун басары Канат Баедилов чек арадагы бардык казак өткөрмө бекеттеринде экспорт-импортту көзөмөлдөгөн бөлүмдөр ишке киргенин, алар документи жок же кагаздары туура эмес толтурулган жүгү бар автоунааларды артка кайтарып жатканын айтты.
Вице-министрдин айтымында, ушундай жүйө менен жыл башынан берки сегиз айдын ичинде казак тарап Кыргызстандан келе жаткан 1055 автоунааны артка жөнөткөн.
Документтерде товар Орусияга багытталганы көрсөтүлгөнү менен кээде алар Чымкентке же Алматыга бурулуп кетип жаткан учурлар бар.
- Кыргызстан аркылуу Кытай товарлары Орусияга кетип жатканын билесиздер. Документтерде товар Орусияга багытталганы көрсөтүлгөнү менен кээде алар Чымкентке же Алматыга бурулуп кетип жаткан учурлар бар. Анын алдын алыш үчүн жакын арада Кыргызстандан келген бардык автоунааларга навигациялык пломба орнотолу деп турабыз. Азыр сыноо жүрүп жатат. Кудай буюрса, бир айдын ичинде сиздерге тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз, - деди финансы министринин орун басары Канат Баедилов.
Казакстандын расмий маалыматы боюнча, эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.
Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча ачыла элек. Казак тарап бул пункттардын жабылышына чек арадан өткөн элдин жана унаалардын аздыгын жүйө келтирген.
Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам же 465 миңге чукул автоунаа өтөт.