Кытай «лагери» тукумсуз кылган туткундар

2017-жылдан 2019-жылга чейин Шинжаңдагы “кайрадан тарбиялоо лагеринен” келген үч эркек тукумсуз болуп калганын айтып чыгышты. Муну алар Кытайда камакта жатканда берилген медициналык дарылардан көрүшүүдө.

«БОЮНДА БОЛБОЙ ЖАТАТ»

32 жаштагы Ергали Ермек келинчеги менен Чыгыш Казакстан облусунун Бескарагай районунун Жетижар айылында жашайт. Эки жаш наристе үнүн уга элек. Келинчегинин боюнда болбойт.

Ергали Ермек.

Алматылык дарыгердин Ергалиге берген ырастамасында анын урук безинде олуттуу өзгөрүүлөр – репродуктивдик функцияга терс таасир тийгизүүчү патология байкалганы жазылган. Ергали ден соолугу Кытайда камакка алынгандан кийин начарлап кеткенин айтууда – 2017-жылдын ноябрында аны Шинжаңга келери менен камакка алышкан. “Саясий кайра тарбиялоо” лагеринде ал бир жыл, бир ай жаткан.

«2012-жылы Казакстанга көчүп келип бул жерде жашап турууга уруксат алгам. Соода кылып, Казакстандан Кытайга каттап тургам. 2017-жылы мени Кытайда камакка алышты. Шылтоо - намаз окуганым жана Казакстанда барганым экен, бир жума түрмөдө камап, анан “лагерге” жөнөтүштү. Ал жерден бошонгондон кийин үй камагына чыгарышты. 2019-жылдын башында Казакстанга кайтып келдим. Биринчи аялым менен мамилебиз келишпей ажырашып кеткенбиз. Андан уулум бар. Кийинки аялыма үйлөнгөнүмө бир жылдан ашып калды, бирок ортобузда бала жок. Келинчегимдин боюнда болбой жатат», - деди Ергали.

Ергалинин айтуусунда, Шинжаңдагы «саясий кайра тарбиялоо лагеринде» ага “жугуштуу оорулардан” сактануу үчүн эки ирет ийне сайышкан, бир нече жолу дары беришкен, аларды ичкенден кийин денесинде кызыл ыйлаакча пайда болгон.

«Түрмөдө жаткан бир апта ичинде күнөөңдү мойнуңа ал дешип мени аябай токмоктошкон. Эч кандай айыбым болбосо эмнени мойнума алат элем?! Алматыга келер замат дарыгерлерге кайрылдым. Алар балалуу болбойсуң дешти», - дейт Ергали.

«ТИЛЕГЕНИМ БАЛА»

Шинжаңдагы “лагерде” 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын апрелине чейин болгон, ушу тапта урологдо дарыланып жаткан 40 жаштагы Орынбек ден соолугунун начарлап кетишин абактагы кыйноолор менен дарылардан көрөт.

Орынбек Көксебек.

Азыр Алматыда жашап жаткан Орынбек “лагерде” таякты көп жеп, психологиялык катуу кысымга кабылганын, анын айынан болбогон жерден туталанып, аябай унутчаак болуп калганын айтат.

Орынбек өткөн жылы үйлөнгөн, балалуу болбой жүрөт. Дарыгерлер анын да патологиясы бар экенин аныкташкан.

«"Лагерден” чыгып эле Казакстанга баса бергем. Бул жерден үй-бүлө курдум. Балам болсо деп тилейм. Кытайдан келгенден бери дарыланам. Аялым текшерүүдөн өттү. Дарыгерлер анын ден соолугунда эч кандай мандем жок экенин айтышты. Мен болсо дарыланып жатам. Дарыгерим менден табигый боюнда болуу мүмкүндүгү 50 пайыз экенин айтты. Дарыгер жазган дарыны ичсем эле кан басымым жогорулап, мурдуман кан түтөктөйт. Азырынча жакшы жыйынтыктар боло элек. Кытайда мени аябай кыйнашкан. Ийне сайышкан, катуу токмоктошкон. Бул жерден иштейин десем ден соолуктун айынан жараксызмын. Алматыдагы бир мекемеде кароолчумун. Кан басымым тез-тез көтөрүлүп турат», - дейт Орынбек.

«КУТУСУ ЖОК ТАБЛЕТКАЛАРДЫ БЕРИШКЕН»

Ербакыт Отарбай «эч бир күнөөсү жок» 98 күн Кытайдын түрмөсүндө, анан бир жарым жылга жакын “саясий тарбия” лагеринде, соңунда жарым жыл үй камагында отурганын айтат. Мунун баары аны “эмгекке жарамсыз” анан да тукумсуз кылып койгон. Алматынын дарыгерлери анын жыныстык-заара системасына суук тийип, оор дартка кабылганын аныкташкан.

«47 жаштамын. Кытайда калган биринчи аялымдан эки балам бар. Казакстанга келерден мурда экинчи ирет үйлөнгөм. Кийинки аялыман да эки балам бар. Улуусу 11, кенжем беш жашта. Мен азырынча кары эмесмин. Дагы балалуу болоюн десем болбой жатат. Казакстанга келгенден кийин дарыгерлерге кайрылдым, дарыландым. Жыйынтыгы жок болуп жатат. Аялым “ага анча деле санаа чекпе, балдарың бар го” деп мени жооткотот. Түрмөдө мага дарыларды көп беришти. Ашказаным ооруса деле, тишим чыдатпай баратса деле дарыларды ичире беришчү. Таблеткалары кутусуз эле. Анысы кандай дары экенинбиз кайдан билебиз. 2018-жылдын январында “лагерге” келгенибизде баарыбызды эмдөөдөн өткөрүшкөн, аны жугуштуу оорулардан алдын-алуу аргасы деп айтышкан. Башында өзүм деле ишенбей, бу проблема жалгыз эле мендеби деп ойлогом. Анан “лагердеги” башка эркектерден сурадым. Көрсө баарыбызда бирдей проблема экен. Мүмкүн аялымда мандем болуп жүрбөсүн деп аны да дарыгерге алып бардым. Дарыгер “проблема сизде” деп айтты», — Ушу тапта Алматы облусунун Жана Шамалган айылында жашаган адам аялуу сырын ушинтип алдыга жайды.

Ербакыттын айтуусунда, ал Казакстанга 2015-жылы экинчи аялы менен эки баласын алып көчүп келген, 2016-жылы жарандык алуу боюнча арыз берген. 2017-жылдын мартында ал казак паспортун алган. Бирок виза алуунун түйшүгүнөн качып май айында ата-энесине кытай паспорту менен өткөн. Ата-энеси Шинжаңдын Алтай округунда турушат. Айылына келгенде жергиликтүү инспекторлор анын документин алып коюшкан.

«Атам ооруп жаткан. Ошондуктан Кытайга шашылыш барууга туура келип колумдагы Казакстанда убактылуу жашоого уруксат берчү кагазым менен кете бергем. Акыркы жолу гана ушинтип барайын деп ойлогом. Ал жакка барар замат менин документтеримди алып коюшту. Эки ай өттү. Атамдын операциясы жакшы өттү. Үйүмө кайтайын деп жергиликтүү полиция бөлүмүнө документтеримди кайтарып беришин өтүнүп арыз жаздым. Документтеримди беришпеди. Июлда Тарбагатай округунан мага чакырык келди. Анда мен туруктуу каттоодо турган жеримден чыгышым керек экендиги көрсөтүлүптүр. Мен барбай койдум. Эки күндөн кийин өздөрү келип алып кетишти. Менин Алтай округундагы туруктуу катталган жерим эмнеликтен Тарбагатай округуна алмашылып калганы мага белгисиз бойдон калды», - дейт Ербакыт.

Анын айтуусунда полиция Тарбагатайга алып келип сурак жүргүзүп камап коюшкан. Түрмөдө тергөөчүлөр андан эмнеге Казакстанга барганын, кимдер менен сүйлөшкөнүн, намаз окурун, диний үгүттөргө берилер-берилбесин, эмне үчүн үй-бүлөсүн таштап келгенин сурашкан. Түрмөдө жатканда аны катуу токмоктошкон.

Ербакыт Орынбай.

«Түрмөгө алып келишкенде мен 96 килограмм болчумун. Бошонуп чыкканымда 71-72 килограмм болуп калыптырмын. Үч айдан сон мени түрмөдөн бошотушуп “саясий кайра тарбиялоо” лагерине алып барышты. 2018-жылдын ноябрында мени кош жарандуулук боюнча айыптап жети жылга кесишти. Бирок менен түрмөгө эмес тигүү фабрикасына жөнөтүштү. Ал жерде бир ай жүрдүм. Бир күнү жергиликтүү бийлик органдарынан кишилер келип акимчиликтин өкүлдөрү бизди, казактардын бир тобун бошотушту. Кийин билсем Казакстанда калган туугандарым арыз жазып мени издей баштаган экен. Бизге “үйүңөргө барасыңар, бирок бул жерде болгон окуяларды эч кимге айтпайсыңар, ачыкка чыгарсаңар Кытайда жашаган жакындарыңар азап тартат” дешти. “Лагерден” бошогондон кийин жарым жыл үй камагында отурдум. 2019-жылдын майында Казакстанга кайтып келдим», — дейт Ербакыт.

«ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРААТ АЛГАНДАР БАР»

Ергали Ермек, Ербакыт Отарбай менен Орынбек Көксебек Казакстан жарандыгын алышкан. Үчөө тең медициналык кароодон өтүп Алматыдагы менчик клиникада дарыланып жатат. Анын ыгым-чыгымын “Эл аралык укуктук демилге” коомдук уюму көтөрүүдө.

«Биздин иш укуктук көмөк көрсөтүүдөн башталды. Туугандары Шинжаңда калып, өздөрү бул жерде болуп бөлүнүп калган кожолуктарга жардамдашабыз. ТИМге арыз жазышкан. Кийин арыз менен бизге кайрылгандардын туугандары лагерлерден бошотулуп, Казакстанга келе башташты. Аларга жолугуп, ал-акыбалдарына кызыкканыбызда ден соолугу начарлаганын байкадык. Айрымдары психологиялык жактан жараат алышкан. Көбү айыл жеринде жашайт, анда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу мүмкүнчүлүгү аз. Биз баарына жардам берүүнү чечип, каражат чогултууга кириштик. Керектүү каражат да табылды, медициналык көмөк берүүнү уюштурдук. Кийинчерээк башка эл аралык уюмдар да жардамдаша баштады. Чогулган акча 30 адамдын медициналык жардамына жетти. Айрымдардын медициналык кароосу бир нече ирет болду. Башкаларынын көзүнө, кулагына операция жасалды. Мындай жардам азыркы убакта берилбейт. Себеби жөнөкөй эле, каражат жок», – “Эл аралык укуктук демилге” коомдук уюмунан учурдагы жагдай тууралу “Азаттыкка” ушундай түшүндүрмө беришти.

Үч жигитти караган дарыгер-уролог бейтаптар “дарылоону бир жылдан бери алып жатышканын” ырастады. Мындан башка маалыматты бере албастыгын айтты.

«Нағыз Атажұрт» уюмунун жетекчиси Бекзат Максутхан Кытайдын “саясий кайра тарбиялоо” лагерлеринде болуп келгендердин укугун коргоо жаатында иш жүргүзөт. Анын айтуусунда, “лагерде” болуп келген айрым эркектер тукумсуз болуп калышкан. Азапка кабылган аялдардын ден соолугунда да көйгөйлөрү курч.

«Аларды “лагерден” бошотушкандан кийин бери дегенде жарым жыл үй камагына отургузушат. Алардын чоң шаарлардагы дарыгерлерге көрүнүп, дарылануу мүмкүнчүлүгү жок, жашаган жеринде айылда тийиштүү шарт жок. Жергиликтүү бийликтегилер жагдайды башкача түшүндүрүшөт. Иш жүзүндө Кытай “лагерлерден” бошонгондорду үй камагында узакка кармашат. Этникалык азчылыктын көбөйүү мүмкүндүгүн чектеп, өздөрүнүн медициналык операциясынын жыйынтыгына ынануу үчүн ушундай иштерди жасашат. “Лагерде” болуп келген жүздөгөн эркектерден ушундай сөздөрдү уктук», - дейт «Нағыз Атажұрт» уюмунун жетекчиси.

ШИҢЖАНДАГЫ ЖАГДАЙ

Улуттар Уюму, Кошмо Штаттар башында турган Батыш өлкөлөрү менен укук коргоо уюмдары Бээжиндин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын катуу сынга алып келет.

Кытай бийлиги миллиондогон мусулмандарды “саясий кайра тарбиялоо” лагерлерине камап, аларды аябай кыйнашат, эне тили менен дининен кайтууну талап кылышат, деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө. Кытай өзү мындай мекемелерди “кайрадан тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү борборлору” катары сыпаттайт, аларды террорчулук менен жикчилдикке каршы күрөшүү максатында уюштурганын белгилешет. Сентябрда Бээжин 2014-жылдан 2019-жылга чейин мындай борборлордо Шинжаңдын 7,7 миллион адамы даярдыктан өткөнүн, азыр ал жерлерде эч ким жок экенин билдирди. Анткен менен Австралиянын стратегиялык саясат институтунун (ASPI) 24-сентябрда жарыяланган изилдөөсүндө Шинжаңдагы мусулмандар үчүн курулган “лагерлер” 40 % көбөйгөнү белгиленет.

Шиңжандагы “саясий тарбия борборлорунун” бири.

Аз илгерээк эл аралык уюмдар, басылмалар, ошондой эле “лагерлерде” болуп келген адамдар Бээжин Шинжаңдагы мусулмандардын көбөйүшүн чектөө аракетине киришкенин белгилешкен. Маселен, Кытай боюнча эл аралык эксперт Адриан Зенцтин изилдөөсүндө аялдарды боюнан алдырууга, аборт жасатууга мажбур кылышканы белгиленет. Зенц Шинжаңдагы жагдайды «демографиялык геноцид» деп атаган.

Америкалык CNN медиа корпорациясынын расмий өтүнүчүнө жооп кылган Шинжаңдагы кытай бийлиги чөлкөмдө төрөттүн кескин кыскарып, 2018-жылга салыштырмалуу үчтөн бирге азайып кеткенин ырастаган. CNN ошол эле учурда кытай режими төрөттү азайтуу боюнча катаал чараларга барып, аялдарга аборт жасатып, тукумсуз кылуу аргасын күчөткөнү тууралуу билдирүүлөрдү четке какканын маалымдайт.

28-октябрда АКШнын бир нече сенаторлору резолюция сунуш кылышты, анда мындай деп айтылат: «Кытай Шинжандагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандарга каршы геноцид жүргүзүүдө».

Кытай бийлиги Шинжаң калкына карата жасалып жаткан калк санын чектөө боюнча айыптоолорду четке кагып келет.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Нуртай ЛАХАНУЛЫ

Макаланын түп нускасы бул жерде

Дагы караңыз Шинжаң карантини: мазак жана эксперимент

Дагы караңыз Шинжаңдагы төрөткө каршы саясат

Дагы караңыз Кытайдын Шинжаңдагы сыры ачыкка чыкты