Казакстандын экинчи президенти Касым-Жомарт Токаевдин парламенттин жаңы сессиясын ачып берген кайрылуусу түз эфирде көрсөтүлгөн жок.
Мамлекеттик телеканалдар Токаевдин сөзүн парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйыны аяктагандан үч саат өткөндөн кийин гана көрсөтүштү.
66 жаштагы мурдагы дипломат кайрылуусун Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди даңазалоо менен баштап, адаттагыдай эле анын саясатын уланта турганын кайталады. Ошол эле учурда "ийгиликтүү экономикалык реформалар өлкөнүн коомдук-саясий жашоосун жаңыламайынча мүмкүн болбой турганын" билдирди. Бул пикир Назарбаевдин тушунда кенен тараган "биринчи экономика, андан соң саясат" деген тезистен айырмаланып турат.
Айтор, Токаев өлкөдө саясий атаандаштыкты жана плюрализмди колдоого убада берип, саясий системанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн келечекте көп партиялуу система түзүлүшү керек экенин айтты.
"Биз коомдун жыргалчылыгы үчүн конструктивдүү саясат жүргүзгөн башка партиялар жана кыймылдар менен да кызматташуу керек. Биздин коомду ойлонткон башкы маселелер көчөдө эмес, парламентте жарандык диалог аркылуу талкууланып, чечилиши керек", - деди Токаев.
Токаев 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодон кийин беш жылга президент болуп шайланган. Эл аралык байкоочулар бул шайлоо өтө көп сандагы мыйзам бузуулар менен коштолгонун, саясий атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилбегенин баса белгилешкен. Ошондой эле добуш берүү күнү жана анын эртеси бийликке нааразылык билдирип чыккан жүздөгөн адамдар кармалган. Полициянын митингчилерге жасаган катаал мамилесин эл аралык уюмдар да кескин айыпташкан.
Казак президенти дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда дал ушундай нааразылык акциялары жөнүндө да сөз кылып, митингдер тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу керек экенин айтты.
"Эгер тынч акциялар мыйзамды бузууну жана жарандардын тынчын алууну көздөбөсө, анда аларды өткөрүүгө уруксат берип, ал үчүн атайын жайды бөлүп берүү кажет. Ал жер шаардын четинде болбошу керек. Бирок Конституцияга каршы келген бардык чакырыктарга, коомдук тартипти бузган акцияларга мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деди Токаев.
Быйыл март айында күтүүсүздөн кызматтан чегинген Нурсултан Назарбаевдин ордун баскан Токаев Казакстанда көп балалуу энелердин маселесине да токтолду. Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү талап кылып келет. Алар турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү суранып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.
Бирок өткөн айда мурдагы президент, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды жемелеген. "Элбашынын" "уй сатып алып өзүңдү бак, сүтүн сатып акча тап" деген сыяктуу сөздөрү коомчулук арасында кескин сынга кабылып, социалдык тармактардагы түрдүү карикатураларга жол ачкан.
Токаев соңку беш жыл ичинде мамлекеттен социалдык жардам алгандардын саны 77 миң адамдан 1,5 миллионго чейин көбөйгөнүн белгилеп, Назарбаевдин сөздөрүнө үндөш ойду айтты.
"2017-жылдан бери мамлекеттик бюджеттен социалдык колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү 17 эсе көбөйдү. Башкача айтканда, иштегиси келбеген же андан да жаманы - өкмөттөн соцжардам алыш үчүн киришесин жашырган адамдар барган сайын көбөйүп жатат", - деди Токаев.
Токаев 2-сентябрда парламентте сүйлөп жатканда Сенаттын же парламенттин жогорку палатасынын төрагасынын орду бош турду. Быйыл март айына чейин бул орунду Касым Жомарт-Токаев өзү ээлеп турган. Назарбаев кызматын тапшыргандан кийин Токаев убактылуу президент болуп шайланып, анын Сенаттагы ордуна болсо "элбашынын" тун кызы Дарига Назарбаева келген. Ал Токаевдин парламенттеги кайрылуусун башка сенаторлор менен чогуу отуруп укту.
Күндүн экинчи жарымында Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп кайрадан шайланганы, анын талапкерлигин президент Касым-Жомарт Токаев расмий түрдө кайра көрсөткөнү белгилүү болду.
56 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Мажилистин же парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.
Казакстандын Конституциясына ылайык, эгер президент ыйгарым укуктарын аткара албай калса, анын милдети Сенаттын спикерине жүктөлөт. Андыктан казакстандык жана эл аралык бир катар талдоочулар Токаевди Казакстандагы бийлик алмашуу жараянындагы убактылуу саясий фигура катары гана мүнөздөп келет. Бирок Токаев июнь айындагы шайлоодон кийинки маалымат жыйынында өзүн "транзиттик жүргүнчү" катары санабоого чакырган.