Кыргыз-казакка таанымал Мурат Ауэзов менен коштошуу

Мурат Ауэзов 1943-жылы 1-январда Казакстандын Жамбыл облусунун Мерке айылында жарык дүйнөгө келген. Ал казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзовдун уулу. 
 

Мурат Ауэзов Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Чыгыш тилдери институтунун филолог-чыгыш таануучу адистиги боюнча билим алган.
 

Мурат Ауэзов адабият теориясы боюнча филология илимдеринин кандидаты. "Казакфильм" киностудиясында (1981-1987) баш редактор. Казакстан жазуучулар бирлигинин көркөм котормо жана адабий өз ара байланыштар бөлүмүнүн башчысы (1988-1990). Казакстандагы "Мир" телерадиокомпаниясынын көркөм жетекчиси (1990) ж.б. бир катар чыгармачылык кызматтарды аркалаган. 
 

Мурат Ауэзов көркөмдүк процесстин теориясы менен тажрыйбасы боюнча 200дөн ашуун илимий макалалардын, "Убакытты байланыштырган - жип" (1972), "Иппокрена. Убакыт кудуктарына баруу" (1997) жана "Кайтуу үчүн кетүү" (2002) деген эмгектердин автору. 
 

Мурат Ауэзов Казак ССР Жогорку Кеңешинин депутаты, президиумдун мүчөсү, парламенттер аралык байланыштар жөнүндөгү комитеттин төрагасы (1990), Улуттук китепкананын жетекчиси (2003-2006) сыяктуу кызматтарды аткарган. Казакстандын Кытай Эл Республикасындагы туңгуч элчиси болгон.
 

Мурат Ауэзов коомдук-саясий иштерге да аралашкан. Жаш кезинде Москвада окуган казак жаштарынын казак маданиятын таанытууга багытталган "Жаш тулпар" маданий-агартуу уюмуна кирген, кийин "Невада-Семей" өзөктүк куралга каршы кыйылынын вице-президенти, "Азамат" кыймылынын теңтөрагасы болгон. "Сорос-Казакстан" уюмунда башчылык кызматты аркалап, "Коомдук коргонуу" уюмунун курултайына катышкан. 
 

Мурат Ауэзов өмүрүнүн соңуна чейин Казакстандагы коомдук-саясий процесстерге үн кошуп, жарандык пикирин билдирип келди. 
 

Мурат Ауэзов 2006-жылдагы "Шаңырак окуясы" аталган бийликке каршы нааразылык акциясында кармалып, камалгандарды коргоо комитетине мүчө болуп, узак жылга соттолгон Арон Атабекти жактагандар арасында жүргөн. 

 

Мурат Ауэзов 2022-жылы акыркы жолу "Каңтар окуясында" кармалгандарды коргогон "Араша" комитетинин курамына кирген. 
 

Мурат Ауэзовдун кабыры атасы Мухтар Ауэзовдун жайынын жанында.

2024-жылы 16-июнда Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы казак драма театрында белгилүү окумуштуу Мурат Ауэзов менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү Кеңсай-1 көрүстөнүндө атасы, айтылуу жазуучу Мухтар Ауэзовдун жанына коюлду.