Укук коргоо органдары акцияга катышкан 16 кишини кармап, беш күндөн жети күнгө чейин камакка алды. Окуяны чагылдырууга барган «Азаттыктын» кызматкерлери да полицияга сурак берип чыгышты.
Жаңы-Өзөндө жумушсуздук маселесин чечүү талабы бир нече аптадан бери айтылып келет. 19-февралда ондогон адамдар шаардык акимчиликтин алдына чогулуп, ошол жерден казак президенти Нурсултан Назарбаевге Интернет аркылуу видео кайрылуу жиберишкен:
- Акимдерге кайрылып келдик, алар жалган нерселерди айтып, калп убада берип кетип калышат. Жаңы-Өзөндө жаштардын баары жумушсуз. Бизге эмне керек? Жумуш керек. Убактылуу келишим түзүп, кайсы бир компанияда алты ай иштетип, андан кийин кубалап салгандардын кереги жок. Быйылкы жаштар жылында бизге колдоо болуп, туруктуу жумуш орундары түзүлсүн! Элге иш берген мекемелер ачылсын!
Жаңы-Өзөндүн тургундарынын талабы өткөн аптанын аягында да жаңырды. Ондогон адам бир нече күн бою шаардык иш менен камсыздоо жана социалдык программа бөлүмү жайгашкан Нике каттоо сарайынын алдына чогулушту. Алар жергиликтүү бийликтин элди иш менен камсыздоо саясатына нааразылыгын билдирип, президенттен айына 150 миң теңгеден жогору айлыгы бар иш таап берүүнү талап кылышты. Бул күндөрү эл чогулган жерди полиция курчап турду.
Социалдык нааразылыктан кийин 23-февралда Маңгыс-Тоо облусунун жетекчилиги вакансиялар көргөзмөсүн уюштурду. Бирок нааразы тарап «бул орундар бир үй-бүлөнү эмес, керт башты багууга да жетпейт» деп ага канааттанган жок. Көргөзмөгө келген облус акиминин орун басары Марат Скаков чогулган элдин алдында сөз сүйлөп, «бийлик мүмкүнчүлүгүнө жараша маселени чечүүгө аракет кылат» деп убада берди. Бир нече күндөн бери Нике каттоо сарайынын алдында топтолгон элдин талабын чагылдырууга барган «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Сания Тойкен менен оператор Санат Нурбековду 27-февралда полиция кармап, бир канча сааттан кийин гана кое берди. Сания Тойкен кармоо алдында күч колдонулганын, полиция суракка алганын билдирди:
- «Азаттык» радиосунун оператору Санат Нурбеков экөөбүздү колубузду кайрып эки башка машинеге салып кетишти. Жолго бир жарым саат кеткен, мында 3 саат тергөөдө болдук. Биз Жаңы-Өзөнгө 26-февралда түндө келгенбиз. Эртең менен жумуш талап кылып жаткандар менен кездешүүгө келгенде алар менен жолугушканга үлгүртпөй эле бизди полиция алып кетти. Менин видеого тартып жаткан «Айфон» телефонумду күч менен тартып алып, сынган абалда кайтарып беришти.
Ушул эле күнү Жаңы-Өзөн шаарында иш орундарын түзүүнү талап кылган акцияларга катышкан 16 адам кармалып, беш күндөн жети күнгө чейин камакка алынганын Маңгыс-Тоо облустук прокуратурасы билдирди. Кармалгандарга «коомдук жайды булгаган, адепсиз сөздөрдү сүйлөгөн» деген айып коюлган. Дагы бир жаранга «Социалдык, расалык, улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгону маалым болду. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, бул берене менен айыпталгандар эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ага дейре, жекшембиде Маңгыс-Тоо облусунун прокурорунун орун басары Ержан Турмагамбетов чогулган эл менен жолугушканда аларды тарап кетүүгө чакырып, коомдук жайда жүрүү эрежелерин бузганы үчүн жазага тартылышы мүмкүн экенин эскерткен:
- Биз баарын камерага тартып алдык. Мен силерге ага катары эскертип атам. Бул жерге түкүрүп, насыбай чеккен туура эмес. Мындай аракеттер үчүн мыйзамда жаза каралган. Биз силерге 12-февралдан бери болушунча мүмкүнчүлүк бердик.
Жергиликтүү бийлик жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча комиссия түзүлүп, иштеп жатканын билдирүүдө.
Жаңы-Өзөн Казакстандагы мунайга бай аймактардын бири катары белгилүү. Шаарда 2011-жылы болгон кандуу окуялардан кийин казак бийлиги атайын программа иштеп чыгып, Жаңы-Өзөндү өнүктүрүүгө 2013-жылы 13 миллиард теңге, 2015-жылы 224 миллион теңге бөлүнгөн.
2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон. Бул окуялардан кийин «жапырт башаламандык уюштурган» деген кине менен 37 киши соттолгон. Алардын ичинен 13 киши үч жылдан жети жылга чейин кесилип, үчөө толук акталып чыккан. Калганы шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. «Кызмат абалынан аша чапкан» деген негизде бир нече полиция кызматкери да жоопко тартылган.
Казакстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыш мамлекеттери Астананын аракетин айыптап, кан төгүүнүн күнөөлүүлөрүн жазалоого, аны калыс иликтөөгө чакырышкан. Айрым саясатчылар Жаңы-Өзөндөгү бул кан төгүүнү «экинчи Желтоксон» деп баалаган.