Кыргызстанда жыл башынан бери онго жакын келин өз жанын кыйган жана кыюуга аракет кылган. Адистер мындай жагдайга түрткөн себептердин бири катары үй-бүлөлүк чыр-чатакты, ата-эне жана жакындардын түшүнбөстүгүн, социалдык абалды айтып келет.
"Күйөөм менен таптакыр жашай албайм, жашагым да келбей жатат. Кайнене - кайнатамдан ушунчалык көңүлүм калды. Билем, өзүмдө да күнөө бар. Карыз ала коем деп, күнөөлүү болдум. Депрессиядан чыга албай жатам. Кайнатам ар бир ишиме киришип, кайненемден өтүп кетти... Жашагым да келбей калды. Апамдарга барсам батпайм, алар мени түшүнбөйт. Көңүлүмө эч нерсеге чаппай жатат. Кээде өлүп алгым келет, баламды кыя албайм".
"Азаттыктын" WhatsApp номерине келген бул куш тилиндей катты 21 жаштагы Лаура (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) аттуу келин жазган. Биз кийин ага байланышка чыктык.
"Мага такыр акча карматышпайт"
Лауранын күйөөсү үй-бүлөдөгү кичүү уул болгондуктан ата-энеси менен бирге турат экен. Келин мектепти бүтөрү менен турмушка чыкканын айтты.
"1,5 гектер үлүш жерибизге жүгөрү айдайбыз. Кайнатам андан тышкары да башкалардын жерин ижарага алат. Жалпы 5-6 гектар болсо керек. Айылда баарын кол менен кылабыз да, техника жетишпейт. Жүгөрүнү отоп-чабуу иштери бар, күзүндө бышканда сотосун кайрып, өзүн орок менен оруп алабыз. Анан боолап, аны үйгө ташуу иштери да чоң түйшүк".
Келиндин айтуусунда, үй-бүлө тапкан акчаны кайнатасы кармайт.
"Балам ооруп калганда же төркүнүмө бара турган болгондо гана бир аз тыйын беришпесе, акчаны такыр эле көрбөйм. Азык-түлүктү кайненем алып келет. Балама, кээде мага кийим-кече алып берет. Бирок ал тандаган кийимдер мага жакпайт. Сапатсыз, өтө эле арзан кийимдерди алып берет".
Каражат тартыштыгынан улам жаш келин каржы пирамидасында иштегендердин "үйдө отуруп эле акча тапса болот" деген кылтагына илинип калат. "Он миң сом салсаң, тез эле кайтарып аласың" деген убадаларга ишенип, Москвада иштеген классташынан карызга акча алат.
"Ал мага "атамдарга берип коесуң" деген шарт менен берген. Бере албай калдым. Баягы мени тармактык маркетингге алып барган эже бир таанышынан үстөккө карыз акча алып берди. Ал акчаны да бере албай, үстөгү өсүп отуруп, көбөйүп кетти. Күйөөмө да, ата-энеме да айта албадым. Акыры тиги аял үйдү таап келип, тополоң салды. Үйдө чоң чатак чыгып, менин төркүндөрүмдү дагы чакырышты. Күйөөм үйдөгү уйду сатып төлөп берди. Кайын журтум ошондон кийин мага жашоо бербей, бассам-турсам урушуп, тилдеп, көргөн күнүм азапка айланды", -дейт Лаура.
"Кайда жүргөнүңдү ким билет?"
Лаура мындай абалын башында төркүнү да түшүнгүсү келбегенин айтып берди. Ата-энеси кайра карызга батканы үчүн кызын тилдеген. Эч кимден колдоо таппаган келин өзүн-өзү күнөөлөп, акыры чыдабай калганда үч жаштагы баласын жетелеп үйдөн чыгып кетет.
"Күйөөмдүн каткан азыраак акчасы бар эле, ошону алып төркүнүмө бардым. Ал жактан апамдын акча каткан жерин билчү элем, аны да алдым. Эртеси ата-энем ишке кеткенде баламды көтөрүп чыгып кеттим. Москвага барайын деп ойлодум. Бирок атасынын уруксаты жок, балама билет сатышпайт экен. Айла жок, кете албай калдым. Көңүлүм ушунчалык муздаган экен, үйгө баргым келбеди. Колумда бар акчага батир таап, бир нече күн ошол жерде жашадым".
Бул аралыкта келиндин кайын журту жана төркүнү аны издеп, милицияга кабар беришкен. Кудалар бири-бирин күнөөлөп, чырдашканга чейин барат.
"Менин батирде экенимди Москвадагы классташ кызым билчү, апамдарга айтып коюптур. Апам мен жашаган үйдү таап келип, ыйлап-сыктап алып кетти. Эртеси кайненем менен күйөөм келди. Барбайм дегениме карабай, апам аларга кошуп берди. Кайненем тилдеген сайын "бир апта дайынсыз, каякта жүргөнүңдү ким билет" деп басынтат. Кийинчерээк бул сөздү күйөөм да айтып, кол көтөрчү болду. Ушундай кордуктардан кийин боюмдан түштү".
Учурда Лаура психолог менен байланышып, онлайн кеңеш алып жатат. Боюнан түшкөн келинди өзүнүн апасы догдурга көргөзүп, дарылатууда.
Психолог Шолпан Мамытова Лаура үчүн азыр жакындарынын колдоосу өтө маанилүү экенине токтолду.
"Лауранын абалына адистин кийлигишүүсү зарыл. Оор абалда турган келинди апасы түшүнүп, психологго алып барышы керек. Ал жерде келин өзү менен иштөөнү, ички ой түзүмүн өзгөртүп, түрдүү айыптаган сөздөргө маани бербей, кайдыгер мамиле кылуу менен кайын журтундагы жашоосун улантып кетүүнү үйрөнүшү мүмкүн. Болбосо ага жашоосун жаңыдан баштоого шарт түзүп бериш керек. Ал үчүн ата-энеси кызынын абалын түшүнүп, "жашагым келбей калды" деген кызына баласын каралашып, жумушка кирип иштөөсүнө, ошону менен алаксып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. "Эл эмне дейт, сөксө да, тепсе да жашайсың" деп мажбурлап атып, көп келиндердин жанын кыюусуна себепкер болуп калып атканын, ар бир ата-эне да, кайын ата-эне да түшүнүүсү керек".
Суицид
Ноябрь айынын башында Токтогул шаарында жаш келин жанын кыйган. Ал өзүнүн өлүмүнө күйөөсү менен жеңесин айыптаган кат калтырып кеткен.
Токтогулдук келиндин өлүмү жыл башынан берки элге белгилүү болгон жетинчи окуя. Январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйган. Апрелде Ош шаарына танапташ жайгашкан Ишкаван айылында 32 жаштагы келин, төрт баланын энеси жоолукка асынып каза болгон. Июль айында Ош шаарында 33 жаштагы келин, октябрда 30 жаштагы келин асынып алган.
23-апрелде Сузакта беш балалуу, 24 жаштагы келиндин сөөгү өз короосунда асылып турган жеринен табылган.
16-июндан 17сине оогон түндө Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну, күйөөсү менен 15 жылдан бери чогуу жашап, үч баланы тарбиялап жаткан келин өрүк бакта асынып турган жеринен табылган.
Келиндин аманат катында ал кайненесин жана эки кайын сиңдисин айыптарын жазып кеткен. Бул иш боюнча октябрдын аягында соттук териштирүү болуп, сот маркум айыптаган адамдарды эки жылга кести.
Сот чечимине ылайык, алар үй камагында болушмакчы. Сот жараяны учурунда келиндин ата-энеси ал күйөөсү жана кайын журту менен көп чатакташып жүргөнүн, жанын кыйган күнү да телефон чалып, "кайын сиңдилери урганын, мындай жашоого чыдап болбосуна" даттанып ыйлаганын айтышкан.
Дагы караңыз Сабалган, муунган, уксус ичкен келиндер
29-октябрда Ош шаарында 35 жаштагы келин көп кабаттуу үйдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери куткарып, "Тез жардам" чакырып өткөрүп беришкен. Милициянын маалыматында, келиндин бул кадамга барышына үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгону айтылат. Алты баланын энеси күйөөсү менен ажырашкан учурда, сот алардын кенже баласын күйөөсүндө калтырууну чечкен. Келин мындан көрө жанын кыюуну артык көргөн.
БУУнун кылмышка жана маңзатка каршы комитетинин иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда келиндердин өз жанын кыюусуна негизги себеп - үй-бүлөлүк зомбулук, чыр-чатактар, кайын журт менен пикир келишпестик аталган.
Расмий маалыматтар 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталганын көрсөттү. Бул былтыркыга караганда 30% көп.
Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.