Угуу бактысын тартуулаган дарыгерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Катар мамлекетинин адистери Кыргызстанда 150 балага жасалма кулак жабдуусу - кохлеардык имплант тагып берет. Ар бир импланттын баасы 25 миң доллардан жогору, бирок, алар жабдууну акысыз тартуу кылышмакчы. Долбоор үч жыл ичинде ишке ашат. 24-июнда башталган бул операциялардын биринчи этабында беш жашка чейинки тубаса кулагы укпаган 29 бала тандалып алынды.