Карападагы гүлдөр ден соолукка пайдалуу

Адам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмө гүлдөрү кишинин физиологиялык жана психикалык саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан.

2020-жылы америкалыктар бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө 8,5 милллиард доллар коротушкан. Бул каражат Кыргызстандын тышкы карызынан бир нече эсе көп жана биздин өлкөнүн бир жылдык бюджетине барабар. Кыргызстанда бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө канча каражат кетип жатканын изилдене элек.

Адамдагы коркуу менен стрессти азайтат

Өсүмдүктөр адамдын жан дүйнөсүн тынчтандырат деген тыянакты Жапония менен Түштүк Кореянын окумуштуулары чыгарды. Алар жүргүзгөн изилдөөдө адамдардан бөлмө гүлүн карапаларга көчүрүүнү жана компьютердик кыска тапшырманы аткарууну суранып, андан соң катышуучулардын жүрөк кагышын жана кан басымын текшеришкен. 24 кишиден турган топ экиге бөлүнүп, бул тапшырмаларды улам кезектешип аткарышкан. Өсүмдүктөр менен иштеген адамдар өзүн жакшы сезип, кан басымы кадимкидей болуп, жүрөк кагуусу да кадыресе экени аныкталган. Ал эми компьютердеги тапшырмаларды аткаргандардын кан басымы көтөрүлүп, борбордук нерв системасында чыңалуу менен катар жүрөгү тез-тез какканы байкалган. Дал ушул изилдөөнүн авторлору "имараттардын ичиндеги өсүмдүктөр физиологиялык жана психологиялык стрессти азайта алат" деген жыйынтыкка келишкенин National Library of Medicine аттуу медициналык илимий ачылыштардын журналына жарыялашкан.

Кыргызстанда бөлмө гүлдөрүн өстүрүү жаатында өз алдынча иликтөө жасап, бул багытта атайын кыргызча китеп чыгарган автор Нуржамал Амеджанова өсүмдүктөрдүн жан дүйнөнү тынчтандыруучу таасири бизде илимий далилденбесе да, дүйнө окумуштуулары чыгарган тыянак менен бир пикирде экенин айтат.

Нуржамал Амеджанова, биология боюнча мугалим

"Өсүмдүк да жандуу да, адам сыяктуу тынчтыкты каалайт, жагымдуу шартты сүйөт. Эгерде үйдө тынчтык болуп, аны өстүргөн адам гүлгө мээримин төксө бажырайып гүлдөйт. Өзү эле өсө бербей, бөлмөдөгү адамдарга тынчтыкты, кандайдыр бир деңгээлде жан дүйнө тынчтыгын тартуулап, стрессти азайтат. Мындан тышкары бөлмө гүлдөрүндө абаны микробдордон, бактериялардан тазалаган фитонциддер болот. Айрыкча герандын жалбырактарында мындай фитонциддер аябай көп. Ошого үйдүн ичине, имаратка герань отургузган пайдалуу. Себеби герандан бактерияларды өлтүрчү заттар абага чыгып турат".

Жакында TIME журналына чыккан макалада Америкадагы Түндүк Каролина мамлекеттик университетинин багбанчылык илиминин кандидаты Мелинда Кнут:

"Өсүмдүктөр көп турган жерде адамдын организминдеги кортизол гормону көбөйөт. Жада калса өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн карап туруу стресстин деңгээлин азайтат. Оорукананын коридорлорунда, бейтап жаткан палаталарга гүлдөрдү жайгаштырып, гүл тартылган сүрөттөрдү илип койсок, бейтаптардын маанайы көтөрүлүп, тез айыкканын байкадык", - деген.

Америкадагы багбанчылык ассоциациясынын президенти Деррик Стоувелл инсульт болгон адамдарды кайра калыбына келтирүүдө, психикалык жактан жабыркагандарды дарылоодо багбанчылык атайын терапия ыкмасына айланганын ошол эле TIME журналына айткан:

"Маселен бирөөнүн баш мээси чайкалып жаракат алгандан кийин, өзүн коерго жер таппай кыйналып жатса, багбанчылык менен аны дарылоо эң мыкты медициналык ыкма болуп саналат. Же болбосо ашыкча салмактан келип чыккан оорудан улам диета кармоосу зарыл болгон бейтап өсүмдүктөрдү өстүрүп өзүн алаксыта алат. Ал тургай үйдүн ичиндеги гүлдү жөн эле карап отуруу менен адам жан дүйнөсүн дарылап, тынчтандырса болот".

Бөлмө канча жашыл болсо эс тутум, маанай да ошончо жакшырат


Бөлмө гүлдөрү балдардын эс тутумуна, кабыл алуу жөндөмүнө да пайдалуу. Бул - Нью-Йоркто сегиз башталгыч мектепте жүргөн изилдөөдө белгилүү болду. Гүлдөр класста таза абаны камсыз кылуудан тышкары канчалык мектепте жашыл чөйрө болсо, балдардын сабакты кабыл алуусу ошончо жакшы болору аныкталган. Илимий тажрыйбада жаш балдар чыныгы гүл, желим гүл жана гүлдүн гана сүрөтү тартылган үч класска кирип, бир нече апта сабак окушкан. Алардын ичинен гүл өсүп турган класста окуган балдардын сабактагы жетишкендиги башкаларга салыштырмалуу 7% жогору болгон. Ушундан улам Нью-Йорктогу ар бир мектептеги класстарга жашыл бурчтарды уюштуруу сунушу берилген.

Бөлмөдөгү гүлдөр.

Гүл өстүрүү менен алектенген бишкектик Венера Акматова бөлмө ичинде ден соолукка кайсы гүлдөр пайдалуу болорун санап берди.

"Адам өзү көп отурган бөлмөгө гүлдөрдү жыш өстүрүү туура деп эсептейм. Себеби өсүмдүктөр, дегеле жашыл түстүн адам саламаттыгына жакшы таасири бар. Жашыл түс көздүн чарчоосун басаңдатат. Нерв системасын эс алдырат, ошондуктан адам жашыл чөйрөдө узак болгону жалпы саламаттыгына пайдалуу болот. Айрыкча компьютерде отуруп алып иштеген, же убактысынын көбүн жабык имартта өткөргөндөрдүн бөлмөсүндө гүл турса, адамда кандайдыр бир деңгээлде стресс деңгээли да төмөн болот. Алар кайсы гүлдөр десеңиз, герань, алоэ вера, хамидалия, бегониянын түрлөрү, фикус, сансевиерия, бөлмө жалбызы. Лимондун дарагын да адам көп отурган бөлмөгө тиксе жакшы. Азыркы тапта курулушта, үй жасалгалоодо өтө көп өлчөмдө химиялык заттарды колдонуп жатпайбызбы. Туш кагаздарды чаптаган клей, желим терезелерден, эмеректерден бөлүнүп чыккан уулуу заттарды дал ушул гүлдөр сиңирип алат, абаны кычкылтек менен байытып, тазалап турат."

Болгарияда жүргөн дагы бир изилдөөдө 2020-жылы башталган пандемиядан улам карантин жарыяланганда үйүндө багбанчылык менен алектенгендердин психикалык абалына сереп салышкан. Гүл, же дагы башка өсүмдүк өстүргөндөрдө коркуу, депрессия симптомдору байкалган эмес. Багбанчылыктан алыс адамдар коронавирус инфекциясына байланышкан жапырт дүрбөлөңдөн катуу коркуп, психологиясына терс таасир эткени билинген. Адам көп убакыт бою имараттын ичинде отурса, сөзсүз түрдө маанай чөгүп, депрессияга батышы ыктымал. Гүл өстүрүү дал ушул психикалык абалдан арылтары аныкталды.

Венера Акматова гүлдөрдөн абага бөлүнүп чыккан эфир майлары да адамга өтө пайдалуу экенин билдирди:

"Герань, розмарин, лаванда, лимон дарагы сыяктуу өсүмдүктөрдөн эфир майлары абага бөлүнүп чыгып, адамдын нерв системасын тынчтандырууга, ишке болгон жөндөмүн арттырып, уйкусун жакшыртууга салым кошот. Мындай гүлдөрдү уктоочу бөлмөгө да койсо пайдалуу, герань менен розмарин бөлмөдөгу майда курт-кумурскаларды жок кыла алат. Цитрус түрүнө кирген мандарин, лимон, апельсин дарагы абадагы вирустарды тазалайт деп айтып жүрүшөт".

Айрым изилдөөлөр бөлмө ичиндеги ар бир тогуз чарчы метрге карапада өскөн бир гүл туура келсе туура болорун аныктаган. Карапа гүлдөрү бөлмөдөгү нымдуулукту да сактап, чаңды өзүнө сиңирип алат.