"Чопо чарчоону унуткарат". Арт-терапия борборун ачкан жаштар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаш ишкерлер Эржан Эмилбаев менен Эрмек Алтымышбаев “Чопо арт” борборун негиздешти. Бул жерде каалоочулар өз колу менен чоподон каалаган буюмун жасап, эс алса болот. Карапачылык өнөрдү заманбап турмушка алып келүүнү максат кылган негиздөөчүлөрдүн айтымында бул ден соолукка да пайдалуу.