Каракол: Кафе күндүзгү стационарга айланды

Стационарга керектүү эмеректер, коргонуучу каражаттар менен камсыздоо милдети мэрияга жүктөлгөн. Стационар 14-июлдан баштап иштей баштайт. 

Сүрөттөрдү "Азаттыкка" жарандык активист Алена Хоменко жиберди.

13-июлга карата Ысык-Көл облусунда 15 адамдан коронавирус илдети табылды. 

Облустук штабдын маалыматына караганда, анын ичинен Ак-Суу районунун үч тургунунун абалы оор болууда. Ысык-Көл облусу боюнча вирус жуккандардын саны - 337.