Каракол: күйөөсү кол салып, үч бала энесиз калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда акыркы эки жылда 20га жакын аял күйөөсү же чогуу жашаган адамдын колунан көз жумган. Ноябрдын башында Караколдо соода борборунда күйөөсү аялын бычактаган окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Жылына 10 миңден ашуун аял зомбулуктан жабыркап, милицияга кайрылат.

“Данисте” Караколго барып, күйөөсүнүн колунан каза болгон, кызыл камчы жолдошунан качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын жашоосун тартып келди.