Караколдун таңдайды так эттирген тамагы

Ашлян-фуга даярдык эки күн бою жүрдү. 

1,5 тонна ашлян-фунун камыры.

Караколдун таанымал тамагына кезекке тургандар.

Борбордук аянтта дасторкон жайылып, 20дан ашуун айым ашлян-фуну элге таратышты.

Ашлян-фуга кошулган түркүн даам.

Караколдун өзгөчө тамагынан даам сызууга келген айылдыктар. 

Каракол шаарындагы эң кеңири жайылган чакан ишкердиктин бири -  ашлян-фу сатуу болуп эсептелет.

1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесин утурлай этнофестиваль уюштурулду. Анын алкагында шаардыктар жана меймандар үчүн 1,5 тонна ашлян-фу даярдалды. Шаардын борбордук аянтында дасторкон жайылып, ашлян-фу үч жарым миң кишиге акысыз таратылды.