Кара-Тегиндеги өзгөргөн жер-суу аталыштары: жер тагдыры – эл тагдыры

Тажикстандагы Кара-Шоро айылынын тургундары. Архив сүрөт.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Жер-суу аттары кылымдардан бери ошол жерди мекендеп келе жаткан элдин тагдыры, тарыхы, өтмүшү менен тыгыз байланышкан. Бул мааниден алганда жер-суу аттары да ар бир улуттун же элдин тили, маданияты, каада-салты, үрп-адат-жөрөлгөлөрү сыяктуу эзелки, түпкүлүктүү эл менен жашташ, тагдырлаш, тамырлаш. Дагы да тагыраак айтсак, жер-суу аттары – ар бир элдин тили сыяктуу эле ошол элдин эн тамгасы, улуттук өзгөчөлүгүн аныктаган код-белгиси, угут-уюткусу. Тилекке каршы, нечендеген кылымдардан бери кыргыздар байырлап келе жаткан Кара-Тегиндеги жер-суу аттарынын дээрлик баары учурда өзгөртүлгөн.

Унутулуп калбасын, келечек муундар үчүн жок дегенде жазылып сакталын калсын деген максатта биз бүгүн белгилүү журналист, этнограф, аймак таануучу Абдил-Ахат Курбан уулун Жерге-Талдагы кыргызча топонимдердин айрымдарынын мааниси, этимологиясы жөнүндө кепке тарттык.

- Абдил-Ахат ава, адегенде эле ушуну сурайын: Жерге-Тал аталышы эмнени түшүндүрөт?

Абдил-Ахат Курбан уулу

- Кара-Тегиндеги жер-суу аталыштарына, тажикстандык кыргыздардын маданиятына, этнографиясына, каада-салт, үрп-адаттарына өмүр бою кызыгып келем. Жерге-Тал деген аталыш кайдан келип чыккандыгы тууралуу бала кезден бери эле түрдүү божомолдорду угуп жүрчүмүн. Ар ким ар кандай айтат.

Көмөкөйүнөн бал тамган аксакалдар бар эле, өтүп кетишти. Мен алардын көбүнүн сөзүн угуп калдым, жазып да калдым. Бир тууган агам мыкты тарыхчы эле – райондогу тарыхчылар коомунун төрагасы болчу. Бейиши болгур, ал киши да өтүп кетти. Ошол кишилерден уккандарым жана жеке өзүмдүн иликтөөм боюнча Жерге-Тал деген аталыш кадимки эле талдын бир түрүнүн атынан улам келип чыккан.

"Жерге" деген сөз эмнени түшүндүрөт деп сурап жатпайсыңбы. Биздин ичкилик кыргыздарда, айрыкча Тажикстанда жашаган кыргыздарда бою жапыз, кодоо кишини "жерге жели" деп коёт. Айрым айылдарда тыбыштык жактан өзгөртүп, "жергежээл" же "жергежел" деп да айтып коюшат. Ал эми Кыргызстанда эргежээл деп айтылат. Демек, Жергетал дегенде жапыз талды түшүнүш керек.

Жерге-Талдын өзүндө мындан тышкары кара тал, көк тал, сары тал, сай тал, үй тал деген да талдар өсөт. Жерге-Тал деген аталыш Алай районунда, Таласта бар, Нарын облусунун Нарын районунда Жерге-Тал деген айыл өкмөтү бар.
Сөгөт деген айыл бар, бул да талдын бир түрүнүн аты. Кыргызстандын Токтогул районунда да Сары-Сөгөт деген айыл бар.

Дагы караңыз "Жерге-Тал" - кыял бойдон калган айыл

- Демек, Кара-Тегиндеги айыл-кыштактардын аттарынын бир даары бак-дарактардын, бадалдардын аттарынан улам коюлган экен да?

- Ооба, Майдан-Терек деген айылдын төбөсүндө Марчалы деген жер бар. Анан Жаңы-Шаар айыл өкмөтүнө тиешелүү (Жаңы-Шаар менен Долононун үстүндө) кичине тар капчыгай да Марча деп аталат. Марча да - жергетал сыяктуу жапыз өскөн талдын бир түрү. Баягы каатчылык жылдары эл көп кыйып, бул бадал аз эле калган. Марчалы – марчалуу, Шилбили – шилбилүү дегени, башкача айтканда, шилби көп өскөн жер.

Кашка-Теректе теректин ушундай түрү бар. Теректин бул түрүнүн жалбырактарынын асты жалтырак болот, ага тийип койсоң же шамалга ыргалганда барик жалт-жулт этип көрүнөт. Аксакалдардын айтымында, Кашка-Терек деген аталыш ошондон калган. Жол-Терек деген да айыл бар. Жол боюнда бир терек өсчү экен. Кийин ошол жерде айыл пайда болуптур.
Жерге-Талда долоно деген дарак өсөт. Азыр Долоно деп аталган кыштакка менин чоң атам Ханкелдинин атасы Мамай деген киши долоно тиккен экен. Ошол жерлер кадим доорлордон бери менин бабаларыма карап келген жерлер экен. Башкы-Пилдандан кызыл аяк уруусунан (кызыл аяк – кесектин бир бутагы) Эшанкул деген бай киши көчүп келет. Ал киши көп балалуу экен.

Алардын жайгаша турган жайы жок болуп калганда биздин бабабыз "болуптур, мобу долононун тушун силерге берели" дейт. Ошентип, алар ошол жерде там-таш куруп жашап калат. Ал эми Ачык-Алмада болсо жапайы алмалар көп өскөн, боорлордо алар азыр да бар.

Биз, Кара-Тегин кыргыздары, 700 жылдан ашуун мезгилден бери отурук жашаган элбиз. Мен буга толук ишенем. Балким, тегерек четибизде көчмөндөр болсо болгондур. Туруктуу жашаган там-ашы жоктор (үй-жай курганга каражаты жетпегендер) болсо болгондур, бирок элдин негизги бөлүгү отурук жашаган. Отурук жашаган эл дыйканчылык менен алектенет, эл жемиш багын, негизи эле тал-теректин, бак-шактын түрүн өстүрөт. Жерге-Талдын кайсы айылына барба, жемиштин ар кандай түрү өсүп турат.

Дагы караңыз Легендага айланган Алдакул улакчынын баяны

- Кара-Тегиндин кыргыздары жер-суу аттарын дагы эмнелерге байланыштуу коюшкан? Мисалы, менин туулган айылым Деп-Шаарда илгери дөөлөр жашап өткөн деген уламыш бар.

- Көбүнчө айылдардын аттары жердин түзүлүшүнө, географиялык шартына карап эле коюлуп калган. Маселен, Сайроон деген кыштак бар (бул кыштак Ак-Мойнок деп да аталат). Муну бүгүнгө чейин биздин илимпоздор кыргыз сөзү деп айтып келет. Чындыгында фарсиден келген сөз. Сайроон дегени "сойи равон" – "жазы, жайык сай" деген маанини билдирет. Жоомарт Бөкөмбаевдин бир ырында "…Дайранын сайроонунда, жылкылар турат жуушап…" деген сыяктуу саптары бар. Сайроондон Тажикабадга (эзелки аталышы – Чоң Коргон) өтчү аралыкта дарыя жайылып, жайык агат. Ошол жерден суу кирген мезгилде да кишилер атчан кечип өтчү экен.

Каршы деген айыл тууралуу. Эки дөңсөөрөк жер болуп калса, ортодо кичине ойдуңураак жер болгон болсо, берки дөңсөөдөгүлөр тигилерди "каршыбыздагы" деп, тигилер да беркилерди "каршыбыздагы" деп аташчу экен. Жаңы-Шаарда да ошондой жер бар. "Каршы" деп коёбуз. Демек, "маңдайдагы, туштагы" дегендей мааниде.

Калта-Булак деген топоним эки компоненттен турат. "Кәлтәси" тажикче, "булагы" кыргызча. Кыска булак, узакка акпайт, агып келип сиңип кетет. Кошойдо Ырчы-Булак деген жер бар. Ошол булактын шылдырына кулак салсаң, адам ырдап жаткандай үн угулат.

Андан ары Чаар-Таш же Яр-Мазар дейт. Башында Жар-Мазар болгон, тажик тилинин таасири менен өзгөрүп, Яр-Мазар деп айтылып калган. Ошол туштагы жардын башында бир мазар таш бар.

Угушума караганда, азыркы Чоң-Кыргызда абдан бойлуу, албеттүү киши жашап өткөн. Ал атка мингенде буттары жерге жетип калчу экен. Ошол эле аймакта Балх деген жер бар. Мунун бир мааниси – "шаар". Ооганстанда Балх деген шаар, дарыя да бар. Бир версиясы боюнча таптаза кыргызча эле сөз. Балык деген маанини берет. Ал жерде балык көп. Кызыл чаар балыктын мекени – Балхтын өйдө-ылдый жагы, Көк-Суунун Ылай-Суу жактан агып келген бөлүгү. Балхка жакын жерде Ак-Жар деген айыл бар, агыш жардын түбүндө жайгашкан.

Жаңы-Жерде мурда чоң арык (канал) болгон эмес экен. Суу чыгарылгандан кийин жаңыдан өздөштүрүлгөн жер катары Жаңы-Жер деп аталып калды.
Илгери Жол-Терек жактан даван ашып Кош-Мойнокко түшүшкөн. Андан ары мойноктон Шилбилиге оошкон. Ушул эки мойнок Кош-Мойнок деп аталып калган. Ал кезде азыркы жол болгон эмес, тоонун түбү менен, Кызыл-Сууну бойлото машине каттаган жол совет мезгилинде салынды. Андан ары Домбрачы деген кыштак бар. Карыялардын айтымында, илгери ал жерде домбура черткен казак үй-бүлөлөр жашап өткөн экен. Кийинки айыл – Ак-Сай. Айылдын сайы да ак, үстүндөгү шагылы да ак. Ал эми Кара-Сай чын эле кара шагыл баскан айыл.

Дагы караңыз Жер-суу аталыштары – бабаларыбыздын табериги

А Сары-Талаада мурда суу болгон эмес, саргарып турган, ошого сары талаа дейт. Сарык-Ой казандын ичиндей ой жер. Жайылган – жайык жер. Кара-Шородо шорлуу булак бар. Байлар-Бопто бир заманда байлардын тобу жашаган экен. Сасык-Булак айылынын тоо этектеген жагында сазык (саздак) булак бар. Сары-Кенже, Кара-Кенже – бир туугандардын аттары. Андан ары Гулама деп коёт. Жандоо жер. Гуламадан өйдө сай бойлоп барганда көк туз кени бар. Төөдөй болгон туздар дайыма ошол дарыяга кулап түшүп турат. Кийинки айыл – Мукур. Мукур деген тумшугу кыска куш бар.

Кыргыздын белгилүү акыны, тамсилчи Тоголок Молдо Ак-Талаа районунун Куртка деген жеринде туулгандыгын орто мектепте адабият сабагынан окуганбыз. Мен райондук гезиттеги (Абдил-Ахат ава көп жылдан бери Сокулук райондук "Эл жарчысы" гезитинде иштейт – А.К.) нарындык кесиптештерден "куртка деген эмне, билесиңерби" деп сурасам, жооп бере алышкан жок. Куртка – бул табылгы, ыргай, шилби сыяктуу эле бадалдын бир түрү. Анча бийик өспөйт, жыгачы абдан катуу. Кошойдо Үч-Куртка деген жер бар.

Жаңы-Шаардан Жол-Терек жакка чыкканда бир чоң бак бар эле. Ал эми Жаңы-Шаардан Чоң-Кыргызга карай кеткен жолдо эки бак бар эле. Бир бакта "кыргыз алмалар", бир бакта "орус алмалар" (мичуриндин чыгарган сорттору) өсчү.

Биз бала кезде ушинтип атачубуз. Кыргыз алманын он бештен ашуун сорту өсөр эле. Бир түрү биздин айылдан тарагандыктан, "жаңы-шаар алма" деп коюшчу. Кийин Жайылганда кеңсенин астында бак пайда болгон. Ошондо өскөн алмаларды "жаңы-шаар алма" деп коюшат. А биз өзүбүз "жайдары алма" дейт элек. Биз бала кезде кээде рахматы атам ошол бактардын биринен (ал өзү багбан болчу) кетмен саптык жыгачтарды кыйып келер эле. "Ата, бул кайсы жыгач" деп сурасак: Куртка деген бадал ушул болот" деп жооп берчү.

Дагы караңыз Деп-Шаардын тарыхы жана тагдыры

- Өткөндө Фейсбуктагы жердештердин тайпасында Тамды-Кол топоними тууралуу кызуу талаш болбодубу (Кара-Тегинде Тамды-Кол деген Ысык-Ата сыяктуу ден соолукту чыңдоочу жай бар). Сиз таптакыр башкача чечмеледиңиз. Ачыгын айтсам, кол деген сөздүн мындай мааниси жөнүндө мен да укпаптырмын…

– "Тамды" дегени түшүнүктүү эле. Сөз ошол аталыштын экинчи компоненти тууралуу болуп жатат. Албетте, кол деген сөздүн көп мааниси бар: кишинин колу, кол тамга, аскер, кошуун ж.б.у.с. Бирок бул жерде "кол" суу деген эле маанини берет. Башкача айтканда, "тамды кол" – тамды суу (суу тамды). Кол дегендин суу маанисиндегиси бизге жунгар-ойроттордун тилинен ооп келген. Жерге-Талда райборбордун үстүндө Кыр-Кол деген жер бар. Кырдан агып түшкөн сууга байланыштуу коюлган. Чоң-Кыргыздан нары Жол-Кол деген жайлоо бар. Жолду бойлоп суу агып өтөт. Улуу-Кол деген да жер бар. Ошол жерде агып жаткан суу чын эле улуу, мол. Мургапты Сары-Кол дейбиз. Кыргызстанда Каракол, Нарын-Кол деген жерлер бар. Ошентип, эски түркий тилдердин көпчүлүгүндө "кол" деген сөздүн бир мааниси – суу.

Коргон деген айыл бар. Коргон сепил же чеп деген маанини берет. Илгери "Зеңкенин коргону" деп айтылчу экен. Бул тууралуу да аталардан угуп калдык. Кара-тегиндик кыргыздарда Зеңке деген абдан бай, таасирдүү киши өткөн. Мурда оокаттуу кишилер душмандарынан чочулап, тегерете бийик, ары эндүү дубалдарды куруп, калың, бекем дарбазаларды орнотуп, анын оозуна күзөтчүлөрдү коюп, мал-жаны менен ошонун ичинде жашачу экен.
Кошой айылы жөнүндө да көп сөз болгон. 80-жылдары райондук гезитке "Кошойбу же Кош-Ойбу?" атуу макала жазган болчумун. Ошондо өтө көп версияларды келтиргенмин. Кадим замандарда сел түшкөндүктөн, бул айылдын орто тушу бийигирээк, эки чети кичине ойдуңураак.

Азыр бак-шак өсүп анча байкалбай калган. Бул бир версиясы. "Манас" эпосундагы негизги каармандардын бири Кошой бабабыздын урматына да коюлган болушу мүмкүн. Анткени ошол эле айылдын үстүндө Кырк-Чилтен деген да жер бар. Бул аталыштын биринчи компоненти (кырк) кыргызча, а экинчиси (чилтан) фарсы тилинде. "Чил" да кырк дегенди билдирет. "Тән" дене, рух, жан деген мааниде. Демек, кырк чилтен Манастын кырк колдоочусу, кырк чоросу десек болот. Андан ары Жакып-Коргон деген жер бар. Кээ бир аксакалдар "Жакып-Конгон" деп айтышат. Эгер Жакып-Конгон болсо, Жакып келип ошол жерге конуп, өргүү алып кеткен болот. А эгерде Жакып-Коргон болсо, Манастын атасы Жакыппы, же башка Жакыппы, коргон салган болот. Ошондон ары түптүз кете бергенде, же Пилдан Айит (Хәйит) жак менен чыкканда "Манастын күмбөзү" деген жер бар. Тажиктер да "Кабри Манас" дешет.