Кара-Жыгач багына кам көргөн франциялык мугалим

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Франциялык математика жана физика мугалими Филипп Буазо мындан 20 жыл илгери Кыргызстанга келип, өлкөнүн жаратылышына арбалып калган. Бир нече жылдан кийин Кыргызстандын экологиясын сактоо жана калыбына келтирүүнү максат кылып, кайра кайтып келди. Үч жылдан бери Филипптин командасы Бишкектеги Кара-Жыгач багын мыйзамсыз курулуштардан, отунга кыйып, бүлүндүргөндөрдөн коргоп жатат. Активисттер парктын аймагынан 200 тонна таштанды чыгарып, 600 түп дарак отургузушту.