Кара деңизде дельфиндер өлүп жатканы кабарланды

Кара деңиздин жээгиндеги дельфиндин өлүгү. Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Краснодар крайындагы Кара деңиздин жээктеринде өлгөн дельфиндердин саны 101ге жеткен. Бул тууралуу "Дельфа" илимий-экологиялык борбору маалымдады. Ага ылайык, март айында аталган жээкте жалпы кит түрүнө кирүүчү 137 жандык өлгөн.

Экологдор билдиргендей, жээкке чыгып калган дельфиндердин өлүгүндө балык кармоочу торлордун издери калган. Тордун үзүндүсү жана ага байланган таштар кошо табылган. "Балыкчылар дельфиндерди кармап же өлтүргүсү келбейт, бирок алар торго түшүп өлүшөт. Анан аларды тору менен ыргытып салат", - деп эсептешет экологдор.

"Дельфа" борбору маалымдагандай, быйылкы жылы Кавказда камбала балыгын кармоонун квотасы эки эсе көбөйтүлгөн. Камбалага салынуучу тор деңиздеги сүт эмүүчүлөр үчүн кооптуу. Экологдор тез арада торду башка нерсеге алмаштырууну же балыкчылыктын жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Болбосо Кара деңиздин Кубандагы жээгиндеги дельфиндер тукум курут болот.

Былтыр аталган борбордун экологдору Украинадагы согуш Кара деңиздеги дельфиндердин көбөйүүсүнө терс таасир этип жатканына кабатыр экенин билдиришкен. Алардын айтуусунда Кара деңиз акваториясындагы жарылуулардан улам жаныбарлардын эхолокациясы бузулуп, стресске кабылат.

Дагы караңыз

Газада эл аралык уюмдун өкүлдөрү соккуга кабылды "Чет элдик өкүл" мыйзамы: Жарандык коомдун кооптонуусу, президенттин жүйөсүТүрк медиасы: Кыргызстандык келин ИМ тобуна мүчө деген шек менен кармалды Өзгөндө жер көчкү жаракалары байкалды Ош: Жүк ташыган айдоочулар нааразылыкка чыкты