Баткен: какыр жер муктаждар үчүн бакка айланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен районунун чек арадагы Кара-Бак айыл аймагында 66 гектар жерге бак тигилди. Андан түшкөн пайда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Социалдык бакчанын жанына дагы 28 гектар жерге муниципиалдык бак түптөлүп, дотацияда турган айыл аймактын кирешесин арбытабыз деген аракет башталды.