Каныбек Осмоналиев камакка алынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 4-марттан 5-мартка караган түнү чыгарды. Мунун алдында ушул эле соттун чечими менен Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анара Дубанбаева да 3-майга чейин тергөө абагына камалган.