Кыргызстандагы жалгыз чет элдик авиабаза - Орусиянын Канттагы аскердик объектисинин ачылганына 20 жыл болду. Орусия Кыргызстандын аскердик тармактагы башкы өнөктөшү.
"Кант" авиабазасын Кремл саясий-аскердик таасирин арттыруу үчүн түзгөн деген пикирлер да бар. Ал арада Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда аскердик багыттагы жаңы келишим - абадан биргелешип коргонуу боюнча келишим ратификациядан өттү.
Кыргызстанга расмий сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Бишкекте базанын мааракелик жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышып, билдирүү жасашты.
"Биздин аскердик контингентти жайгаштыруу Ооганстандан келген коркунучка каршы турууда жана күрөшүүдө негизги чечүүчү факторлордун бири болду. 20 жылдан бери авиабаза Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлерине абадан колдоо көрсөтүү жагынан башкы ролду ойноп келет. Кыргызстандагы орусиялык аскерлер ар-намыс менен кызмат кылып, өздөрүнүн алдына коюлган көп тараптуу тапшырманы так аткарууда", - деди Владимир Путин.
Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кант авиабазасынын 20 жылдыгына байланыштуу сөзүндө жалпысынан авиабазанын ачылышы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде мыкты ченемдик-укуктук базаны калыптандырууга жана аскердик өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизмдерин түзүүгө негиз болгондугун айтты:
"Албетте, биз Кант авиабазасын ачуу өз учурундагы жана зарыл чаралардын бири болгонун ишеним менен айта алабыз", - деди Садыр Жапаров.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен 12-октябрда келген. Ал Бишкекте кыргыз президенти менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөндөн тышкары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин саммитине катышты.
Путиндин сапары учурунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда аскердик кызматташууга, коргонууга байланышкан жаңы келишим да ишке кирди.
Атап айтканда, Канттагы орусиялык авиабазанын жанына абадан коргонуу бөлүкчөлөрүн да жайгаштырууга жол ачкан келишимди камтыган мыйзам долбоору 11-октябрда Жогорку Кеңеште дароо үч окууда бир добуштан колдоого алынып, 12-октябрда президент Садыр Жапаров ага дароо кол койду.
Келишим "Кыргызстандын жана Орусиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө" деп аталат.
"Бул документтин алкагында Орусия Кант шаарынын аймагындагы орусиялык авиациялык базанын чөлкөмүндө абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн жайгаштырууну пландаштырууда. Бул максатта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык Канттагы авиабазага жанаша жайгашкан аянты беш гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн башкарууну кыргыз тарап жүргүзөт, ал эми күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо орусиялык тараптын карамагында болот", - деп билдирди Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов парламентте келишимди коргоп жатып. Ага былтыр 16-августта Москвада кол коюлган.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов аталган келишим зарыл деп эсептейт:
"Бизде абадан кол салууну коргогон система такыр жокко эсе. Ошондуктан бул керектүү мыйзам, жакшы келишим".
Ал эми орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков келишимди: "Бул Орусия жана Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик" деп баалады.
Орусия буга чейин биргелешип абадан коргонуу системасын Казакстан, Армения, Беларус жана Тажикстан менен түзгөн.
Аскердик базанын тарыхы
Кант шаарынын өйдө жагында жайгашкан орусиялык аскердик база 2003-жылы ачылган. Ал эски аскер аэродромунун ордунда түзүлгөн. Базанын милдети – Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскер бөлүктөрүнүн операцияларына абадан колдоо көрсөтүү, ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагынын жана аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо. ЖККУга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Тажикстан, Беларус жана Армения мүчө.
"Кант" авиабазасынын ачылуу тарыхы тууралуу сөз кылган мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов ЖККУга мүчө мамлекеттердин баарына ага кошулуу сунушу берилгенин, бирок ошол кезде Орусиядан башкасынын кызыкчылыгы, чамасы болбогонун эскерди:
"Авиаэскадрильяны кармап туруу мамлекет үчүн оор чыгым. Самолёт да кымбат, анын шаймандары да, техникалык жактан тейлеп туруу да кымбат. Бир самолётко эле бир нече миллион кетет. Канттагы базаны ачуу үчүн ар бир республика самолёт, учкуч бөлсүн деген сунуш колдоо таппай, ошондо бул милдет Орусияга жүктөлгөн".
“Кант” 999-авиациялык базасы Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик округунун командачылыгына карайт. Ал бардык согуштук-аскердик жана транспорттук-жарандык учактарды кабыл алууга ылайыктуу.
Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге ылайык, базанын мөөнөтү 2058-жылы аяктайт.
Коопсуздук маселелери боюнча серепчи Орозбек Молдалиев буларга токтолду:
"Бул Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылбайт. Путин бул ЖККУнун авиациялык компоненти деп айтып келе жатат. ЖККУнун кандай уюм экенин баарыбыз билебиз. "Урушпагыла" дегенге жарабаган уюм. Ошон үчүн бул Орусияга гана керектүү, алардын "биз ушул жерде барбыз" дегенди айткысы келгени үчүн гана түзүлгөн. Бул база Кыргызстандын коопсуздугуна пайдасы тийиптир дегенди таппайсыз. Аскар Акаев эки чоң көйгөйдү калтырып кетти бизге. Анын бири ушул авиабаза. Булар эми бизден эч убакта кетпейт".
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүүнүн генералдык штабынын мурдагы кол башчысы Райымберди Дүйшөмбиев "Кант" аба базасынын ролуна токтолду:
“Бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азияда, ЖККУнун зонасында бул базанын өзүнчө орду, ролу бар. Ошон үчүн базаны ачуу чечими туура болгон. Бүгүнкү күндө да өзүнө коюлган тапшырмаларды аткарып келет. Бул базанын Кыргызстанда жайгашып турганы биздин куралдуу күчтөр үчүн да керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү окуяларды көрүп жатабыз. Бир да мамлекет азыркы мезгилде жалгыз өзү коркунучтарга туруштук бере албайт. Мамлекеттер кайсы бир келишимдерге кошулуу жана уюмдарга кирүү менен гана күчтүү болот”.
Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери өз-өзүнчө болуп келсе, 2012-жылы кол коюлуп, беш жылдан кийин күчүнө кирген келишимге ылайык, алар бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.
Соңку макулдашууга ылайык, Москва Ысык-Көлдөгү торпеда сыноо полигону жана Чалдыбардагы байланыш түйүнү үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөй турган болгон.
Ал эми Канттагы база ЖККУнун курамында болгондуктан, андан ижара акы алынбайт. Сейсмология институту болсо ижара акынын ордуна кыргыз тарапка чогулткан маалыматтарын бөлүшүп турары жазылган.
Документтерде Кыргызстандагы орусиялык аскердик объектер коргонуу багытындагы мүнөзгө ээ экени жана кайсы бир үчүнчү өлкөгө каршы багытталбаганы белгиленген.
20 жылдан бери иштеп келе жаткан орус авиабазасындагы аскерлердин жалпы саны тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Бир нече жыл мурда айрым орусиялык маалымат каражаттары "Канттагы" базада 500дөй офицер жана аскер кызмат өтөөрүн жазышкан.
Коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов келечекте Кыргызстанда бир да чет өлкөлүк аскердик объект болбошу керек деп эсептейт:
«“Кант” авиабазасы кандай болгон күндө да биздин аба мейкиндигибизди калкалап турат. Кыргызстанда азырынча андай самолёт, вертолеттор жок. Мен “Кант” аба базасы эбегейсиз милдетти аткарып жатат деп эсептейм. Азыркы учурда бул багытты колдошубуз керек. Негизи бир мамлекетте башка бир мамлекеттин базасы турганы жакшы эмес, бул кемсинүү. Азырынча мындан кете албайбыз. Бирок келечекте, балким, 5, 15, 20 жылдан кийин Кыргызстандын өзүнүн кубаттуу авиациясы болушу керек. Азыр аз-аздан болсо да тик учактар алынып жатат. Мен “Кант” Кыргызстандын өзүнүн аскердик базасы болгонун кыялданам».
Украинада согуш башталганда "Канттагы" авиабазада кызмат кылган орусиялык жоокерлер согушка тартылганы боюнча бир катар булактар ырасташкан.
"Канттагы базанын Украинадагы согушка түз тиешеси болгон деле жок го. Аралык өтө алыс. Бул жактан самолёт же авиация барды деп ойлобойм. Мүмкүн тажрыйбалуу учкучтар кетиши мүмкүн, андан башка байланыш деле жок", - деди Мурат Бейшенов.
Деген менен орус жарандыгын алып, Украинадагы согушта каза тапкан теги кыргызстандыктардын сөөгүн Канттагы авиаба аркылуу Кыргызстандагы жакындарына жеткирип берген учурлар болду.
Кыргызстандагы орусиялык жана америкалык базалар
Орусия Кантта аскердик база ачкан кезде Кыргызстанда башка чет элдик база ачылган учур болчу. Атап айтканда, 2001-жылы 11-сентябрда АКШдагы террордук чабуулдан кийин Ооганстандын туруктуулугун колдоо максатында АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн коалициясы “Манас” эл аралык аэропортунда “Ганси” базасын жайгаштырган.
Бул Кыргызстан өзү да эл аралык террорчулардын бутасына алынып, коопсуздук олуттуу маселе болуп турган убак эле. 1999-2000-жылдары Өзбекстан ислам кыймылынын куралдуу топтору кирип келишкени маалым.
Мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытовдун айтымында, "Кант" аба базасын ачууга Баткен окуясынан кийинки жагдайлар таасир эткен.
"Авиабазаны ачуу боюнча 20 жыл мурдагы чечим туура болчу. Азыр да базанын болгону туура. Анткени аны турмуш далилдеп жатат. Батыш коалициясы, НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кетип, бийликке талибдер келди. Талибдер деле өлкөнүн бардык аймагын али көзөмөлдөй албай жатканын моюнга алып жатат. Талаа командирлери деген бар. Ооганстанда саясий-аскердик кырдаал турукташмайынча бул база керек. Биз эртең-бүрсүгүнү кандай окуялар болуп кетерин билбейбиз. Мына Жакынкы Чыгыштагы окуялар, Палестин-Израил чатагын көрүп жатабыз. ХАМАС тобу Израилдин айласын кетирип жатат. Израилдин куралдуу күчтөрү - күчтүү армиялардын бири да".
Кезинде Кыргызстанда эки аскердик державанын - Орусия менен АКШнын “Кант” жана “Ганси” авиабазаларынын болушу бири-бирине атаандаш катары каралып, ал геосаясий талкуулардын бутасы болгон. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 2009-жылы Москвадагы сапары маалында америкалык база жабылат деп билдирүү жасаган. Бирок андан көп өтпөй, расмий Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин транзиттик жүк ташуучу борбор болуп өзгөрүп, жаңы келишим түзүлгөн. Кийинки президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы келишимди узартпай, Транзиттик борбор жабылган.
“Менин оюмча, базаны чыгарбай эле турганда болмок. Албетте, Путин Бакиевге, кийин Атамбаевге басым кылды. Базадан Кыргызстан 120 миллион доллар пайда көрүп жаткан. Бул Канттагы базага тең салмак болмок. Алар өздөрү териштирип алмак. Базаны чыгарып жиберүүгө шашпаш керек эле. Бул соодалашууга предмет да болмок. Орусия болсо анын ордуна эч нерсе берген жок да. Америка биз менен согушкан эмес же Орусия менен согушкан эмес, базанын турушу терроризмге каршы күрөш үчүн керек деп калтырганда болмок”, - дейт коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов.
Ал эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүүнүн генералдык штабынын мурдагы кол башчысы Райымберди Дүйшөмбиевдин айтымында, кыргыз армиясынын ЖККУнун алкагындагы интеграция болгону туура:
“Негизи биз ЖККУга киребиз. Анын курамында Орусия Федерациясы бар. Ошондуктан ЖККУнун курамына кирген Орусиянын Коргоо министрлигинин базасынын турганы туура. Бир жактуу болуш керек да. Ал эми түштүккө база ачуунун кажети жок. Кантта турган база жетиштүү. Ушул жерде турган учактар тапшырма болсо, түштүккө тез эле учуп барат. Борбордук Азия аймагында коркунучтарга каршы кандайдыр бир тапшырмалар болсо тез эле аткарат”.
Райымберди Дүйшөмбиев белгилегендей, буга чейин кез-кез түштүктө дагы бир база ачуу тууралуу сунуштар көтөрүлүп келген.
Дагы караңыз “Канттагы" орус базасынан Украинадагы урушка жөнөтүлгөн тывалыктар"Кант" авибазасынын келишим шарттары
Орусиялык базаны ачуу келишими алгач 2003-жылы түзүлгөн. 2012-жылы жаңы келишимге кол коюлуп, ал 2017-жылы күчүнө кирген. Ага 2019-жылы дагы айрым өзгөртүүлөр киргизилген.
Объект Кыргызстандын “Манас” аба бекетинин тутумунда деп эсептелет жана анын учуп-конуу тилкеси чогуу пайдаланылат.
Өкмөттүн маалыматтарына караганда, "Кант" аэродромунда республиканын түштүгүнө жүктөрдү жана өздүк курамды ташуу үчүн учууларды үзгүлтүксүз аткаруучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аба кемелери жайгаштырылган. Мындан тышкары "Кант" аэродрому "Манас" эл аралык аэропорту үчүн запастык аэродром болуп саналат.
Келишимде Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү объектиге базанын командиринин уруксаты менен гана кире алары жазылган.
Орусиялык аскер кызматкерлерге, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дипломатиялык мекемелердин кызматкерлериндей эле кол тийбестик укугу берилген. Орусиянын биргелешкен аскердик базасынын мүлктөрү да кол тийгис.
Акыркы келишимдин алкагында кыргыз армиясы менен заманбап, курал-жарак, аскердик жана “Кыргыз Республикасынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында орусиялык тарап базада дрондорду жайгаштыра турганы айтылган. Атап айтканда, “Орлан-10”, “Форпост” келери жөнүндө сөз болгон.
2019-жылдагы келишимди өзгөртүүгө ылайык, Орусияга орусиялык тараптын эсебинен учуу-конуу тилкесин жана аэродромдук зонанын башка объекттерин оңдоого мүмкүнчүлүк берилген. Ошону менен бирге эле макулдашуунун негизинде учуу-конуу тилкеси реконструкцияланган учурда менчик укугу орусиялык тарапка өтөрү айтылган. Орусия тарап муну, өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык, менчик укугу аларга өтмөйүнчө, реконструкция үчүн каражат бөлө алышпай турганы менен негиздешкен. Ошол эле кезде келишимдин мөөнөтү акырына чыккандан кийин аскердик базанын аймагы жана мүлкү бүт бойдон Кыргызстанга өтөрү белгиленген.