Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирди.
Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берип жатып айтты.
Анын сөүзүнө караганда, 168 млрд 287 млн сомдун ичинен 37 млрд 776 млн сом (436 млн 725 миң доллар) акчалай, 130 млрд 510 млн сом (1 млрд 508 млн доллар) мүлк түрүндө кайтарылган.
“Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп аткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен”, - деди ал.
Буга чейин коомчулукта коррупциядан жана мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу ачык маалымат берилиши керек деген талаптар айтылып келаткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сентябрь айында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап коомдук талкууга чыгарган.
Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин да берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.
Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон.
Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши
Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берди.
“Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык иштер менен байланышы барбы?” деген суроого жарым-жартылай жооп берди. Ал Акылбек Жапаровдун тажрыйбасы көп экенин, аны кызматтан кетирүү чечимин президент кабыл алганын жана ал талкууга жатпай турганын билдирди.
“Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок да. Айтып атпаймынбы, ал президенттин чечими биз аны талкуулабайбыз”, - деген Ташиев кайсы иш тууралуу айтып жатканын тактаган жок.
Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берип жатып айтты.
6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын кошумчалаган.
6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда кызматтан кетти. Ал кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу комментарий бере элек.
Президенттик шайлоо
Камчыбек Ташиев келерки жылкы шайлоого катышпай турганын, Садыр Жапаровду колдой турганын айтты:
"Эки жылдан кийин боло турган президенттикке барууга толук укугу бар. Мен эч кандай президенттикке барбаймын, эч кандай президенттикке койбоймун. Садыр Жапаровду колдоп чыгам. Ал кишиден башка дагы кимди президент кылабыз. Бекназаровду колдоп чыгалыбы, Равшан Жээнбековдубу? Кимди колдоп чыгасыңар дагы? Же кайра Атамбаевди президент кылалыбы? Мунун баарын көрдүк го. Кийинки Конститутция менен Садыр Нургожоевичтин экинчи жолу президенттикке барууга укугу бар".
2020-жылдын Октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.
2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.