Блогердин иши: соттун чечими, дарыгерлердин кайрылуусу

Улукбек Карыбек уулу милиция кызматкерлеринин коштоосунда кетип баратат.

Ош шаардык соту 16-июлда блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья блогердин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Бирок тергөөчүнүн аны эки айга, тергөө бүткөнгө чейин камоо тууралуу өтүнүчүн четке кагып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Жактоочу Жылдыз Кадырова Карыбек уулуна каршы арыз жазгандар боюнча сотко кайрылышарын "Азаттыкка" билдирди. Милиция Карыбек уулу Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин арызынын негизинде кармалганын 15-июлда билдирген. Ал блогер "имаратка уруксатсыз кирген, 37 миң сомдой зыян келтирген" деп даттанганын маалымдаган. Интернетте тараган тасмада өзүн төрөт үйүнүн кызматкери катары тааныштырган аял блогер "бузуп кирди" деген каалганы көрсөткөн. Блогер муну "жалган жалаа" деп сыпаттады.

Сот чечими чыгып, Карыбек уулу тил кат менен бошотулгандан кийин аталган төрөт үйүнүн бир нече кызматкеринин элге видео кайрылуусу социалдык тармактарга тарады. Алардын атынан сүйлөгөн дарыгер мекемеде иш билги, тажрыйбалуу кызматкерлер иштей турганын билдирип, "псевдоблогерлерге нааразы экенин" айткан.

"Биринчи жолу келген жок, мурда да келген. Эки эле бейтаптын сөзүн угуп, ошолордун артынан аябай ызы-чуу салып кетти. Калгандарынан алынган интервьюларын чыгарган жок. Ар бир мекеменин өзүнүн тартиби болот. Псевдоблогер болобу же жөн эле жаран болобу, төрөт стационарында каалаган жумушун жасап кеткенге мүмкүн эмес. Бул жерде иштеген кызматкерлерди кемсинтип, жаман абалга алып келгени өкүнтүп жатат. Блогердин айткан сөздөрүнүн эч бири тастыкталган жок. Жазган комментарийлерге көңүл буруп, туура жазсаңыздар", - деп айткан ал.

Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып, 14-июлда 48 саатка камакка алынган. Бул күнү аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкекте кармап, Ошко жеткиришкен. ИИМ блогерге байланыштуу дагы бир ишти сотко өткөрүп бергени маалым болду.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Абсаттар Тавакалов "Азаттыкка" Карыбек уулу түштүк калаадагы төрөткананын баш дарыгери Асылкан Асанованын 7-июлда жазган арызынын негизинде кармалганын билдирди:

"Тергөө тобу ал жерге журналист Улукбек Карыбек уулу барганын, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери киргизбей койгонун аныктаган. Ошол эле күнү блогер өзүнүн эки шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок санитардык нормаларды сактабай жандандыруу бөлүмүнө кирип барган", - деди Тавакалов.

Дагы караңыз Блогер Улукбек Карыбек уулун милиция кармап кеткени кабарланды


Ош шаардык милициясынын маалыматында блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей ичкери кирип, жаңы эле көз жарган он чакты келинден маек алган.

Тавакалов блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миң сомго жакын материалдык зыян тартканын, бул иш боюнча тергөө жүрүп, Карыбек уулунун жанында жүргөн шериктери да сурак берип жатканын кошумчалады.

Блогердин YouTube каналына "Ош облустук оңолбос төрөт үйү" деген аталыштагы видео 12-июлда жарыяланган. Бир жарым сааттык видеодо оорукананын азыркы абалы, бейтаптардын дарыгерлер тууралуу пикири жана медицина кызматкерлеринин жообу көрсөтүлөт.

Видео алдына бир топ катталуучулар пикир калтырган. Анда айрымдар Карыбек уулунун ишмердүүлүгүн кубаттаса, кээси аша чапкандык катары баалаган.

Улукбек Карыбек уулу мыйзам бузууга барбаганын айтып, муну айрым министрликтердин башчыларынын атайы буюртмасы болушу мүмкүн деп күмөн санап жатканын билдирген. Ошондой эле укук коргоо органдары анын Ошто видео тартып жүргөндө кол салуудан улам бузулган техникасына байланыштуу жазган арызын карабай жатканын кошумчалаган.

"Төрөт үйүндөгү мыйзамсыз жагдайларды ашкере кылганыбыз үчүн мекеменин дарыгерлери, жетекчилери жана министрдин өзүнүн катышы бар деп ойлойм. Буга чейин билим берүү жана илим министри тууралуу да видео тартылган, анын да тиешеси болушу мүмкүн деп күмөн санап турам. 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизебиз дешти, бирок бул жөн гана буюртма деп билем. Биз карапайым элдин медициналык кызмат алуудагы мыйзамдуу укугунун корголушун талап кылдык. Негизи эле мага медициналык мекемелерден чабуул болуп жатат. Кылмыш кылган жокмун, бейбаштыкка да барган жокмун. Муну чекке жеткен мыйзамсыздык деп эсептейм. Бул сөз эркиндигине, журналисттин маалыматты эркин алуу укугуна сокку", - деген Карыбек уулу.

Окуяга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги да расмий билдирүү таратты. Анда аталган мекеме коомчулукту дарыгерлерге сый мамиле жасоого үндөп, кесипкөй адистер өз кызматын так аткарууга болгон аракетин жана күчүн жумшап жатканын билдирген.

Министрлик коррупция менен күрөшүүдө саясий эркин көрсөтүп, бир катар комплекстүү чаралар иштелип чыкканын, санариптештирүү өңдүү иштер да аткарылып жатканын белгилеген.

Блогердин сотко өткөн дагы бир иши

15-июлда Ички иштер министрлиги Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу дагы бир маалымат таратты.

Анда 10-июлда укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени үчүн Укук бузуулар кодексинин 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө) ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү чечим чыгаруу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн жазды.

Маалыматта 10-июлда блогер Саламаттык сактоо министрлигине барып, министрдин чыгып жолугуусун талап кылганы, орой мамилеси менен коомдук тартипти бузганы айтылат.

Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик

Калың элге таанымал блогерлерге байланыштуу коомчулукта пикирлер бир кылка эмес. Айрымдар анын Карыбек уулунун камалганын сөз эркиндигине басым катары бааласа, башкалары анын жүрүм-туруму журналистикага көө жабууда деген ойдо.

Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков кыргыз коомуна блогерлер сөзсүз керек экенин белгилеп, Карыбек уулунун камалышын кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы катары сыпаттады.

Семетей Аманбеков

"Эгерде анын кыймыл-аракетинде кылмыш же укук бузуу болсо, албетте мыйзам чегинде жоопко тартуу керек. Бирок Улукбек Карыбек уулу, Ыдырыс Исаков жана Али Токтакунов өңдүү блогерлер коомчулукка керек. Жергиликтүү деңгээлдеги көйгөй, паракорчулуктун жүзүн ачкан дал ушулар болууда. Бийлик аларды камоо ордуна паракорчулукту жойсо, ийгиликке жетмек. Паракорчулук жок болсо, блогерлерге деле иш калмак эмес. Карыбек уулуна карата кандайдыр бир буюртма болгон деп ойлойм. Себеби, өзү да ошону айтууда".

Семетей Аманбеков бийлик “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеген жумушчу топтун мүчөсү. Ал долбоордон блогерлер жөнүндө жоболор алынып салынганына карабай, алардын ишин чектөө аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Жалпыга маалымдоо каражаттарына даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева медиа сабаттуулуктун жоктугунан улам эл журналистика менен блогерликти ажырата албай жатканын белгиледи. Мындан улам айрым блогерлердин жүрүм-туруму жалпы журналисттердин ишине көлөкө түшүрүп жатат деген пикирде.

Тамара Валиева

"Карыбек уулу актуалдуу жана элдин көбүн түйшөлткөн темаларды таба билет. Ал блогер катары иштеп жатканын айтканы менен, мындай мекемелерге баш бакканда өзүн "журналистмин" деп тааныштырууда. Андай болгон учурда ал Журналисттин этикалык кодексинин талаптарын сакташы керек эле. Тилекке каршы Улукбектин жасаган иши этиканын бир да эрежесине туура келбейт. Ушундай блогерлердин айынан өз ишин так билген, кесипкөй журналисттер жаманатты болуп, жапа чегип калууда. Элибизге медиасабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүү керек".

Валиеванын белгилешинче, ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга былтыр да медиктерден арыз түшкөн. Анда алар Карыбек уулу аша чаап жатканын, ишине тоскоол болгонун жазган.

"Кесипкөй журналисттер кайсы бир көйгөйдү талдап, көрсөтүп берет, андан кийинки ишти укук коргоо органдары жүргүзөт. Ал эми блогерлер журналист да, прокурор да, сот да, тергөөчү да болуп алгандай. Мыйзам бузуу менен улам бир мекемеге барып кызматкерлерди такалай берүү жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Карыбек уулу журналистиканын этикасын сактап, мыйзамды сыйлап иш алып барса, мыкты иликтөөчү болмок. Бирок ал карьера жасоонун башка, жеңил жолун тандап алгандай. Мисалы былтыр бизге арыз түшкөндө Карыбек уулун чакырганбыз, бирок келген жок. Демек, ал журналисттер менен эсептешпейт", - деди Валиева.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бийлик органдарынын чабал ишинен улам коом блогерлерге муктаж болуп турганын белгиледи.

Нуржигит Кадырбеков

"Ошол эле министрликтер милдетин так аткарып, кынтыксыз иштесе, эл блогерлерге муктаж болбойт эле. Мен Карыбек уулунун ишине өтө кызыккан эмесмин, бирок коомдогу ал жөнүндө жакшы пикирлерди угуп жүрөм. Кайсы жерде кыянаттык болуп атса ошону ачык көрсөтүп, айтып бергенге аракет кылып жүргөнүн угуп калам".

Карыбек уулу деген ким?

33 жаштагы Улукбек Карыбек уулу соңку 10 жылдан ашуун убакыттан бери медиа тармагына аралашып жүрөт.

Алгач "Манас жаңырыгы", "Марва" телеканалдарында эмгектенсе, акыркы эки-үч жылдан бери эркин блогер катары таанылган.

Карыбек уулу 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Эл үмүтү" партиясынын тизмеси менен депутатыкка ат салышкан.

Блогер негизинен мамлекеттик органдардагы мыйзамсыз, терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып жатканын айтып келет.

Анын YouTube каналына 500 миңден ашык адам катталган.

Дагы караңыз Сөз эркиндиги: Суракка алынган блогер жана журналист


Карыбек уулу айрым медициналык, билим берүү мекемелериндеги коррупция жана башка маселелерди жеринен чагылдырганы, Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын паспорт алуудагы түйшүгүн интернетке чыгарганы кайчы пикирлерди жараткан. Бир катар медициналык мекемелердин кызматкерлери анын үстүнөн президентке да кайрылышкан.

Март айынын этегинде Карыбек уулу укук коргоо органдарына сурак берип чыккандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасына блогерлердин ишин сындап жазган.

Тагыраагы, ал блогер Улукбек Карыбек уулунун бала бакчага кирип барган тасмасындагы сүрөтүн коюп, мындай ишмердүүлүк артында саясий карьера жасоо максаты турат деген оюн билдирген.

Байсалов мамлекеттик же менчик мекемелерге уруксатсыз кирип барып, иштеп жаткан кызматкерлерди кекетүү же суракка алуу мыйзамсыз деп эсептерин да белгилеген.

Көп өтпөй Карыбек уулу Фейсбук баракчасы аркылуу Байсаловго жооп берген.

"Эгерде министрликтер, мэриянын кызматкерлери, өз ишин сапаттуу аткарса, анда социалдык тармактар аркылуу миңдеген адамдар бизге кайрылбайт эле", - деген блогер.

Дагы караңыз Байсалов аша чапкан блогерлер тартипке чакырыларын айтты

Ыдырыс Исаковдун кыскартылган иши

Кыргызстанда соңку учурда бир катар блогерлер суракка чакырылып, ар кандай басым-кысымга кабылган окуялар катталууда.

Алсак, эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программанын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Кесиптик кошуундар бирлигине караган "Пансионат Ош" эс алуу жайынынын мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов съемка учурунда журналистти бетке чапкан.

Мындан кийин Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кайрылуу таратып, муну сөз эркиндигине сокку катары мүнөздөгөн. Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгилешкен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

12-июлда блогерге кол көтөргөн окуя боюнча иш кыскартылганы маалым болду.

Дагы караңыз Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуя боюнча иш кыскарды

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым же кысым жок экенин билдирип келет.

Бирок, 12-июлда Европарламенттин Страсбургда өткөн пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланган. Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Ага чейин эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Дагы караңыз "Экономика сөз эркиндигине байланган". ЕККУ эркин медиага кысымды сындады