Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өкмөт түзгөн "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын билдирди. Анда "ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды" деп жазылган.
Аталган фондго байланыштуу кылмыш иши козголгону ушул айдын башында белгилүү болгон. Калашникова парламентте сын-дооматтын баарын четке каккан. Өкмөт фонддун айланасындагы жагдайлар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Атайын кызмат Елена Калашникованы каматкан жагдай тууралуу 18-майда маалымат таратты. Анда өлкө жетекчилиги "инвестициялык климатты түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, ири өлчөмдө акча бөлгөнү, бирок ошол каражат негизсиз короп кеткени, сарамжал эмес пайдаланылганы аныкталды" деп жазылган.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө фонддун жетекчилери өздөрүнө жогору айлык коюп алганы, объектилерди жогорулатылган баа менен курганы тууралуу маалымат алынган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон. Фонддо тинтүү жүрүп, тергөөгө тиешелүү финансылык документтер алынган. Анда 2022-жылы фондго өлкө бюджетинен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 608 миллиондон ашыгы туризмди өнүктүрүү долбоорлоруна кеткени белгилүү болгон. Маселен, 21 эс алуу жайынын ("Рест Поинт") куруу долбоорунун негизинде жалданма уюмдарга келишимдеги 100% сумманы, тактап айтканда 105 миллион сомдон ашык акча которулган. Бирок долбоордук-сметалык документтери, аткарылган иштердин актылары жана каржылоонун негиздемеси жок болуп, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы объект пайдаланууга берилген эмес. Rest Point жайларынын куруу баасы алдын ала маалыматтарга караганда дээрлик эки эсеге көп жана 13 миллиондон ашык сомду түзөт. Ар кандай туризимди өнүктүрүү боюнча "концептуалдык идеяларга" 715 миңден ашуун евро сарпталган жана андагы ар бир келишимдин баасы 40 миңден 256 миң еврого чейин өзгөрүп турган, бул жерде долбоорлорду даярдоого чет өлкөлүк компаниялар менен көптөгөн келишимдерге өзгөчө көңүл бурса болот",-деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле, маалыматта жеңилдетилген шартта, "бүдөмүк жагдайда" насыя берүү фактылары болгону да көрсөтүлгөн. Мамлекете келтирилген зыянды аныктоо иштери уланып жатканы белгилеген.
"Тергөөдө бир гана арыздын негизинде фонддон жеке компанияларга жеңилдетилген шартта насыя берүү фактылары, бизнес-пландары жок шартта, келечеги бүдөмүк долбоорлорго 65 миллиондон ашык сом жумшалган фактылар аныкталган. Фонддун жетекчилиги өзүнө жогору айлык акы коюп алган. Туризм тармагында тажрыйбасы жок, бирок айына эмгек акысына алты миңден ашык доллар коюлган чет өлкөлүк консультанттарды тартуу тажрыйбасы колдонулган. Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп, керектүү экспертизаларды дайындоо пландалып жатат. УКМК тергөөнүн жүрүшү тууралуу коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турат".
"Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" соңку окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.
"Тоодо жөө жүрүүчүлөр” бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов Калашникова туризм тармагына барандуу салым кошкон адис экенин белгиледи.
"Ал айым туризмге чоң салым кошкон. Негизи туризм тармагындагылар башкаларга салыштырмалуу сарамжалдуурак келет. Ар бир нерсени эсептеп, эсеп-кысапка так болушат. Калашникова тоолуу, шарты оор жерлерге лагерлерди курган, бул тармакта көп нерсе жасаган. Соңку окуяны чынында түшүнбөй жатам. Rest Point курулушунун баасы эмнеге анча болуп кеткени белгисиз. Өзүнөн кетпесе дагы жанындагылардан, командасынан кетсе керек. Балким ортодон жешкенби? Калашникова ал жайларды жакшы, сапаттуу материалдардан салдыргам" деп жатпайбы. Балким курулуш материалдары чынында эле кымбат болгондур? Калашникова ошол жерге чынында эле иштейм деп барганына ишенем. Акча жейин деп барбаганына көзүм жетет, анткени ал биринчилерден болуп тик учак сатып алып жүргөн ишкер. Ачынып, жутунган айым эмес", - деди Данилов.
Калашникова бул кызматка өкмөттүн сунушу менен макул болгонун билдирген. Ал буга чейин өзү негиздеген Ak-Sai Travel туристтик компаниясынын башчысы болгон. 25 жыл мурда түзүлгөн Ak-Sai Travel өлкөдөгү туризм тармагындагы белгилүү фирмаларды бири.
Деген менен Калашникованын камалышы кыргыз бийликтеринин ири долбоорлору, коррупцияга каршы күрөшү тууралуу талкууларды кайра козгоду.
Дагы караңыз "Түрмөгө түшөсүң". "Кыргызиндустриясы" короткон миллиондор
Бул уюмга байланыштуу кылмыш иши козголгону ушул айдын башында белгилүү болгон. Анда Жогорку Кеңеште Калашникованын иши, туристтик аймактарда курулуп жаткан Rest Point жайлары тууралуу бир катар сын-доомат айтылган.
Калашникова дооматтарды четке кагып, Rest Point ажаткана эле эмес, эс алуучулар үчүн атайын жай экенин, жалпысынан 68 жерге салынып жатканын түшүндүргөнгө аракет кылган. Анда фонддун ишине байланыштуу төрт айдан бери текшерүү жүрүп жатканы дагы ачыкка чыккан.
"Rest Point борборуна - ажаткана, соода жана эс алуучу, жуунучу жайлар, намазкана кирет. Саркынды сууларды тазалоочу жай бар. Ушундай бир имаратка орто эсеп менен 9 млн. сом коротулду”, - деген Калашникова.
Соңку кездердеги коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери, камоолордон улам ушул тушта парламентте паракорчулукка каршы жазаны күчөтүү сунушу көтөрүлө баштады.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасынын орун басары, "Ишеним" фракциясынан депутат Русланбек Жакышев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул жаатта катуу чаралар керектигин билдирди.
"Кайсы гана тармак болбосун, мамлекетке, анын казынасына зыян келтиргени бул - элдин чөнтөгүнө зыян келтиргенге барабар. Ким гана болбосун жеген акчасын кустуруп эле чыгарып жиберген жетиштүү эмес. Аларга катуу жаза берип, жүз эселетип кустуртуп, өзүн жана уул-кыздарын, жакындарын мамлекеттик кызматка такыр жолотпош керек. Уурулук деген нерсе токтобой жатат. Мен жогорудагы сунушумду кесиптешимбиз жаңы мыйзамды алып чыгып жатканда комитетте дагы киргизгем. Коррупция менен кармалгандар өзүнө гана жооп берип, бирок "көнгөн адам калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей болуп, убактылуу жумуштан кетип, кампайган акчасы менен кайра эле шайлоого катышып, кайра эле кызматтарга барып жатпайбы. Мамлекеттен уурдаган акчасы менен эртең эле уул-кыздарын кызматка коюп жатышат. Ошон үчүн аларды "ууру" экенин так белгилеп, анын кесепети балдарына тие турганын эскерткендей катуу чаралар керек. Азыркы бийлик келгенден баштап президент, УКМКнын жетекчиси аракет кылып жатат. Бирок мындай көрүнүштөр катуу чараларды киргизмейинче токтобой жатат. Кимиси болбосун, чоң кызматка барса эле кармалат. Экс-губернаторлор, экс-мэрлер, иштеп жаткан министрлер кармалып жатат. Паракорлорду бир айлап телевизордон көрсөтүп, аларды кийин кызматка жолотпогондой чараларды мыйзамдарга киргизүү керек", - деди депутат.
Туура бир апта мурда, 12-майда президент Садыр Жапаров Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округундагы талапкерлер менен жолугушууда коррупцияга байланыштуу камалгандар, абактан чыккандар тууралуу учкай комментарий берген. Анда зыяндын орду толтургандарды бошотуу саясаты мындан ары дагы улана берерин белгилеген.
"Бөлтүрүк ("Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы) жегенинин баарын кайра төгүп берди. Мына, башкы прокурор отурат, алып барып баарын төктүрдү. "Төгөсүң, анан чыгасың, болбосо түрмөдө чирийсиң" деди. Төгүп берди, чыкты. Азыр деле принцип бизде ушундай. Ичип-жеген министрлерди кайра төктүрүп туруп, чыгарып жатабыз. аларды түрмөдө кармап эмне кылабыз? Мындан ары ушундай саясат уланат. Жедиңби, жегениңди эки-үч эселетип кустурабыз, төктүрөбүз, анан кайра чыгарып кое беребиз".
Коррупция маселери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева бийликтин мындай саясатынын мыйзамдуулугуна, укуктук жагына токтолду. Барган сайын коррупцияга каршы күрөштү түшүндүрүү эксперттер үчүн кыйын болуп баратканын белгиледи.
"Кармап туруп кайра чыгарып жиберген укуктук жактан туура эмес. Эгер андай болсо ушундай норманы Кылмыш-жаза кодексине киргизип алышы керек да. Мындай караганда, бул эң биринчи кезекте кадр саясатына да байланыштуу маселе . Кадр саясаты кандай жүргүзлүп жатат, кимдер, кандай жол менен тандалып жатат деген өтө маанилүү маселе. Дагы бир маанилүү маселе - бул саясий эрк. Андан кийинки негизги маселе - мыйзам үстөмдүгү. Эгерде коррупцияны тыябыз дешсе, анда мыйзам так сакталышы керек. "Кустурабыз анан кое беребиз" деген эмне деген түшүнүк? Бул көпчүлүк үчүн түшүнүксүз. Кечээ бир эл аралык жыйын болду эле, ошол жерде отургандар үчүн бул такыр түшүнүксүз болду. Аларга түшүндүрө дагы албайбыз, анткени андай норма мыйзамда дагы жок".
Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов дагы мыйзамга тактоо керек деген ойдо.
"Соттун чечими жок эле "кустуруп атат, антип атат, минтип атат" деген деген сөздөр бар да. Коюлган айып, соттун күчүнө кирген өкүмү менен бекемделип, тастыкталып, ошонун негизинде мамлекеттин пайдасына ушунча акча өндүрүлсүн дегенден кийин гана өндүрүлүшү керек. Бирок тергөө маалында тергөө органдары келтирилген зыяндын ордун толтурууга аракет кылууга милдеттүү. Акча дароо эле өкмөттүн эсебине өтүп кетпейт. Каражат атайын эсепте кармалып турат. Соттун өкүмү менен тастыкталгандан кийин мамлекеттин пайдасына биротоло чегерилет. Бирок процессуалдык мыйзамдарга тагыраак жазып, мыйзам чегинде туура жасалып жатат деген жоболорду киргизүү керек. Ашынган коррупционерлерди деп коелу, алардын күнөөсүн мойнуна коюп, атайын эсепке акчасын алып коюп жатат. Муну эми мыйзамсыз деп айтуу кыйын. Бирок мыйзамга муну тагыраак, бекемдеп жазуу керек".
Калашникова кармалган окуя учурда өкмөттүн дагы бир ири долбоору болгон "Кыргызиндустриясы" ачык акционердик коомунун айланасында талаш-талкуу башталган маалга туш келди.
Жогорку Кеңеште аталган ишкана миллиондогон сомду негизсиз короткону айтылган. Анда "Кыргызиндустриясынын" башчысы Жарасул Абдураимовду түрмөгө камаларын айтып эскерткен депутаттар да болгон. Абдураимов каражат негизсиз корогонун жокко чыгарган.
Дагы караңыз Тенгиз Бөлтүрүк миллиондорду төгүп абактан чыктыбы?
Өкмөттүн дагы бир дымактуу долбоору - "Улуу көчмөндөр мурасы" болсо ушул жылдын февраль айында жоюлган. Анын алдында "Кумтөр" ишканансы бул холдингге алты айда 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаганы ачыкка чыккан. Холдингге жетекчи болгон Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалып, ушул айдын башында үй камагына чыккан.
Убагында Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.