Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (ал кезде СССРдин 50 жылдыгы атындагы деп аталчу) филология факультетиндеги журналистика бөлүмүндө билим алган элүүгө жакын курсташ окууну бүтүргөндөн кийин ар кимибиз өз райондорубуз менен калааларыбызга гезит-журнал, теле-радио сыяктуу массалык маалымат каражаттарында иштөө үчүн тарап кеткенбиз.
Ошол курсташтарымдын бири – ар дайым жайдары жүргөн, жүзүнөн жылмаюу кетпеген Максат Мергенов. Ал Тажикстан менен чектеш аймактагы киндик каны тамган алыскы Баткенге белсенип сапар алган болчу. Азыр Баткен калаасынан отуз чакырымдай аралыктагы Боз-Адыр айылында жашайт. Туулуп-өскөн жерине баргандан кийин ар кыл кызматтарда үзүрлүү эмгектенген. Кайсы бир жылдары Баткен мамлекеттик университетинде проректор болуп да иштеп жүрдү. Азыр болсо ал жерде Илим изилдөө институтунда жетектөөчү адис.
Баткендеги чек арада чыр-чатак чыккан сайын азап тартып келаткан элди эстегенде Максат курсташым эске түшөт. Аман-эсен болду бекен деп кам санайм. Жакында болуп өткөн кандуу окуяда да санаам санга бөлүндү. Кудай жалгап аман-эсен экен. Чек арадагы айылдардан качып чыккан отуздан ашуун жердешине кучак жая, короо-жайынын эшигин кенен ачып, бооруна басыптыр, гуманитардык жардам жеткирилгенге чейин алар үчүн бардык нерсесин тартуулаптыр деген кабарды массалык маалымат каражаттарынан уккандан кийин төбөм көккө жетти. Ошондон улам аны менен дагы бир жолу байланышып, ошол боорукердиги тууралуу азын-оолак баарлашкан элек.
- Баткендеги каарман эл-журт аманбы, Максат мырза?
- Улам-улам чалып ал-абалды сурап турганыңарга рахмат айтамын. Кудай буюрса, абал тынчып калды.
- Сен тууралуу бир жакшы кабар уктук: чек арадагы айылдардан келген отуздан ашуун качкынды үйүңө киргизип, асыраган турбайсыңбы? Бул боорукерлигиңди угуп, биз, курсташтарың абдан ыраазы болуп калдык.
- Ырас, ошондой сооптуу иш болду. Каргашалуу коогалаңда Баткен шаарынан отуз чакырым аралыктагы Суу-Башы айыл аймагына 15 миңдей жердешибиз качып келген. Биздин Боз-Адыр айылыбызга келгендерди мектептин короосунда жылуу күтүп алганбыз. Окуучулар колдоруна "Бизде жашай турган үй бар, келгиле" деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Бул кыйын учурда айыл өкмөттүн жетекчилери менен кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кайгырып келген качкындарды бир туугандык сезим менен кабыл алуу жана аларды мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөргө тездик менен бөлүштүрүп жайгаштыруу иштерин өтө жакшы жүргүзүштү.
Мына ошол бөлүштүрүүдө мен 38 адамды кабыл алып, өз үйүндөгүдөй жашап турууга шарт түзүп бердим. Үч күн үйдөгү азык-түлүгүм менен асырадым. Башыбызга ушундай оор күн түшүп турганда алардан эч нерсемди аябадым. Кайгыга баткан жердештеримдин көңүлүн көтөрүп, курсагын тойгузганыма жана уктап эс алуусу үчүн колдон келишинче шарт түзгөнүмө азыр деле сүйүнүп турам.
- Гуманитардык жардам качан келе баштады?
- Арадан үч күн өткөндөн кийин. Бул жагынан кыйынчылык болбоду. Тиричиликке керек болгон азык-түлүктүн ж.б. нерселердин дээрлик бардыгы жеткириле баштады. Аларды туура бөлүштүрүүгө жергиликтүү жетекчилер менен депутаттар такай көзөмөлдөп, ар бир үй-бүлөгө күн сайын эки-үч жолу баш багып турушту. Мындай камкордук үчүн жаамы кыргыз элине, өкмөткө рахмат айтышыбыз керек.
- Бул жагы ойдогудай болуптур. Бирок кылычын кармап кыш келаткан маалда талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу жагы кечеңдеп жатат деген кабатырлануу байма-бай айтылып жатат. Эгер жумушчу күчү жетишпей жаткан болсо илгеркидей студенттик отряддарды түзүп, ишти тездетсе болбойбу? Буга кандай пикириң бар?
- Ырас, кыш жакындап, абдан аз убакыт калган. Бул абал кимди да болбосун кабатырландырбай койбойт азыр. Ал эми үйсүз-жайсыз калган адамдардын кайгы-мунун, кабартырланууларын угуп турсаң, көзүңө жаш алып, ичиң ачышып кетет.
Жаңы үйлөрдү тендерден утуп алган курулуш компаниялары, фирмалар ж.б. курушу керек экен. Ошол компаниялардын өзүлөрүнүн жумушчу күчтөрү бар болсо керек деп ойлойм. Өтө зарыл болуп турган ишти тез арадан бүтүрүү үчүн кошумча күч катары студенттер да тартылса жакшы болор эле, албетте. Бул сунушуңузду өлкө жетекчилери укса, таразалап көрөт болуш керек.