Комиссия чыр чыккан жерди кыдырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

5-августта кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан аймактарды эки өлкөнүн атайын комиссия мүчөлөрү менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кыдырып чыгышты. 3-4-августа чек аранын эки тарабына тургундар топтолуп, бири-бирине таш ыргытып, чыр чыккан. Эки тараптан ондой киши жабыркап ооруканага түшкөн. Буга чейин коңшулар Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болгон кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган. ("Азаттыктын" тажик кызматы)