Туризмге салым кошкон окуучулар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдүн алыскы Жыргалаң айылында мектеп окуучулары чет тилин өздөштүрүп, туристтерди тейлөөгө өттү. Жергиликтүү мектептин окуучулары акыркы эки жылдан бери англис тилин тереңдетип, атайын программа менен окушкан. Жогорку класстын окуучулары эми алыскы Европа өлкөлөрүнөн келген эс алуучуларга айылдын жаратылышы тууралуу кенен айтып берип, кооз жерлерди ат менен кыдырып көрсөтөт.