Журналисттин өлүмү: 15 жыл чыкпаган чындык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

26 жашында киши колдуу болгон Алишер Саиповдун арабыздан кеткенине 15 жыл толду. Журналист 2005-жылдагы бийлик алмашууну, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясын жеринен чагылдырган. Анын өлүмүнүн бети алигиче ачыла элек.