Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына жылына эки ирет кабыл алуу баштала турганын жарыялады. Муну менен министрлик билим сапатын жогорулатып, окуу жайлардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууну көздөп турат. Ал арада эксперттер ЖОЖдордун окуу программасынын мазмунун кескин өзгөртүүнү сунуштады.
Мектепти быйыл аяктаган Айдана мугалим болгусу келет. Ал учурда окуу жайларды кыдырып, алардын шарттары менен гана таанышып жатат. Ал филология факультетине тапшырып, балдарга мыкты билим бергиси келерин айтууда. Азырынча тааныштары мурда окуган же азыр билим алган гана окуу жайларды карап жатканын билдирди.
"Мен мугалимдикке, филология факультетине тапшырайын деп жатам. ЖРТ баллым көп эмес, 112. Эми келиишимдик негизде окуйм го".
Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларына абитуриенттерди каттоонун экинчи айлампасы 25-июлда башталып, документтерди онлайн кабыл алуу уланууда.
Биринчи айлампа 18-июлда башталып, 20-июлда бүттү. Жылда абитуриенттерди каттоо үч айлампа менен өтсө, быйыл дароо эле беш тур болот деп белгиленген. Соңку айлампа 15-августтан 20-августка чейин өтөт.
Дагы караңыз "Алтын сертификат" же аймактагы билим берүүнүн абалы
Ал ортодо Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына жылына эки ирет кабыл алуу баштала турганын жарыялады. Муну менен ЖРТ тестинин жыйынтыгы начар же азыраак болуп калгандар кийинки жылды күтпөй эле кышында тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул академиялык жактан ийкемдүү деп эсептелген Болон системасынын негизги шарттарынын бири болуп эсептелет.
Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 2011-2012-жылдардан тартып Болон процесси боюнча билим берүүгө өткөн. Министр Алмазбек Бейшеналиевдин маалымат жыйында белгилегенине караганда, онлайн кабыл алуу дагы коллеждерде жана университеттерде туруктуу сакталат.
"Нормативдик актылар иштелип чыккан жана кабыл алынган. Аларга ылайык ЖРТ жана кабыл алуу жылына эки жолу - жай жана кыш мезгилдеринде жүргүзүлөт. Жогорку окуу жайга жана ЖРТ тапшырып жатканда кандайдыр бир себептен улам тапшыра албай калышы мүмкүн. Ошондон улам либералдаштырып, мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Бул экономикага дагы өзүнүн салымын кошмокчу. Бизде жогорку окуу жайларда 232 миң студент окуйт. Анын 82 миңи чет элдик студенттер. Эгер эки жолу кабыл ала турган болсо алардын келишине дагы көбүрөөк шарт түзөт. Башка адистикти тандайт элем, туура эмес жакка келип калдым дегендерге да мүмкүнчүлүк берип жатабыз".
Кыргызстанда ЖОЖдор мигранттардан кийинки эле бюджетке эң көп салым кошуп жаткан тармак экени айтылып келет.
Дагы караңыз Министр Бейшеналиев Кыргызстан билимди экспорттоп жатканын айтты
Бейшеналиевдин белгилешинче, Кыргызстандын окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу үчүн автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыккан. Бул үчүн “Электрондук лицензиялоо”, “Электрондук аккредитация” сыяктуу долбоорлор ишке ашканы турат.
Бейшеналиев жогорку окуу жайлары үчүн кадрларды даярдоонун жети багыты аныкталганын, анын алкагында жаңы окуу жылынан баштап адистер бир нече квалификация менен даярдала баштарын билдирди.
Мисалы, "Табигый-илимий билим берүү" багытынын алкагында "Биология, химия жана география мугалими". Ал мектептерге STEM ыкмасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Студенттер илимий ыкмаларды практикада кантип колдонууга болорун үйрөнүп чыгышат.
Быйыл жогорку окуу жайга тапшырган абитуриенттер үчүн Билим берүү жана илим министрлиги гранттык орундардын санын көбөйткөн. Анда педагогика адистигине басым жасалган. Министрлик ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында, миң сомдон төлөп берүүнү пландап жатат. Бул каражат жыл сайын көбөйүп турат.
Ал арада мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында IT тармагында билим алууга суроо-талап күч болууда.
Дагы караңыз IT тармагына умтулгандар көп, мугалимдикти тандагандар аз
Бишкек мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын катчысы Астра Дайыракунова быйыл абитуриенттерди кабыл алуунун өзгөчөлүгү жана айырмачылыктар туурасында айтып берди:
"Онлайн катталуу пандемиядан бери иштеп, системага түшүп калды. Быйыл абитуриенттер жылдагыдан көбүрөөк. Жылдагыдай эле чет тилдер, психология факультетине кызыккандар арбын. IT-программалоону сурап келгендер көп болууда. Ал эми кышында бош орундар болсо, негизинен сырттан окууга кабыл алабыз. Жылда чет элдиктерди онлайн каттоо жок болчу, быйыл министрликтин платформасына кирди. Мурда өзүбүз гана каттачубуз".
Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов өкмөттүн билим сапатын, мугалимдин макамын жогорулаттып, айлык акыны көбөйтүү аракеттерин колдоого алат. Адис педогогикалык окуу жайлардын окуу программасынын мазмуну эски экенине токтолуп, аны кескин өзгөртүүнү сунуштоодо.
"Жалпы эле жогорку, өзгөчө мугалимдерди даярдай турган педагогикалык окуу жайлардын окуу программасынын мазмунун кескин турдө заманбап кылып өзгөртүү керек. Алар союз кыйрагандан кийин көп деле өзгөрүүгө учураган жок. Ошондуктан бардыгынын окуу программасын компетенттүүлүккө багыттап, бүтүрүүчүнү алып жаткан билимин турмушта колдоно ала тургандай, маселени чечүү сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтө тургандай заманбап усулдарды иштеп чыгыш керек. Экинчиден, илим изилдөөнү формалдуу, эптеп эле дипломдук же магистрдик иштерди жаздырбастан, чыныгы изилдөөнүн усулдарына ээ, жаңылык алып келе тургандай изилидөөлөрдү жүргүзүп, илим менен билимди айкалыштыруу зарыл. Ушул нерселер болбогондуктан бүтүрүүчү окуу жайда билген нерсесин турмушта колдоно албай жатат".
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, илим тармагында 2022-жылы мамлекеттик заказдын алкагында, артыкчылыктуу - айыл чарба, медицина жана техникалык илимдерге 146 млн. 352 миң сом бөлүнгөн. Илимди каржылоо да мыйзам талабына ылайык ички дүң өнүмдүн 1% чейин көбөйтүлөт.
Буга чейин президент Садыр Жапаров 18-июлда беш окуу жайга өзгөчө макам берүү жарлыгына кол койгон. Мамлекет башчынын жарлыгы менен айрым окуу жайлар бириктирилип, кайрадан түзүлмөкчү. Бул кадам окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берүүнү көздөй турганы айтылган.
Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров канча жылдан бери айтылып келе жаткан демилгелер боюнча сөз козголуп, дың бузулду деп эсептейт. "Эми айтылган демилгелерди билим сапатына артыкчылык берүү менен ырааттуу ишке ашыруу көңүл чордонунуда турат" деди эксперт.
"Иш берүүчү катары айта турган болсом, Кыргызстандын ичиндеги эки-үч университеттен келген студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгы башкалардан айырмаланып турат. Байкап карасак аларда окуу учурунда теория менен тажрыйбаны айкалыштырып, иш берүүчүлөр эмнелерди талап кылат, кеңседе эмне жумуштарды жасай ала турганын базалык түрдө болсо дагы даярдап чыгарат экен. Калган көпчүлүк окуу жайларда эки-үч жыл мектеп программасын кайталап, адистикке келгенде убакыт тартыш болуп калууда. Ошол жагын эске алса жакшы болмок. Кайсы адистикти тандабасын биринчи курстан эле басым жасап, толук кандуу адис катары бүтүрүүгө багыт алуу керек. Бизде ар кандай практикаларга чыгат, бирок анын мазмуну менен баалуулугу түбүнөн каралган эмес. Ал жерден студент чындап бир нерсе үйрөнүп келе турган болуш керек. Ар бир студенттин муктаждыгына карап программа даярдалса жакшы болмок".
Билим берүү министрлиги эгемендик күнүнө карата университеттер 30 бизнес-инкубаторлорду жана миң стартаптарды ишке киргизе турганы айтылды.
Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 6 миң бюджеттик орун берилген. Анын 4 663ү педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүндү. Гранттык орундар 27 мамлекеттик окуу жайда каралган.
Дагы 205 орун так жана техникалык илимдерди окутуучу педагогикалык багытка берилди.
Быйылкы окуу жылында 68 миңден ашуун улан-кыз мектепти бүтүрдү.