Жөргөмүштөр добушту желеси аркылуу угат

Жөргөмүш.

Жердеги океандардан 5504 жаңы РНК-вирусу табылды. Жөргөмүштүн желеси кулактын “милдетин аткарат”. Бала кезде көргөн зомбулук кийин унутчаактыкка алып келет. “Азаттыкта” илим жаңылыктарынын топтому.

Мурда белгисиз 5000 вирус океандардан табылды

Океандардагы генетикалык материалдардын анализи мурда белгисиз РНК-вирустарын аныктады. Ошентип, буга чейин илим үчүн белгилүү болгон бардык вирустардын түрлөрү эки эсеге көбөйдү. Бул жөнүндө изилдөө Science илимий журналына жарыяланды.

Огайо университетинин окумуштууларынын ири изилдөөсү Жердеги океандардан 5504 жаңы РНК-вирусу табылганын изилдөөгө таянуу менен ScienceAlert сайты жазды. Изилдөөнү ишке ашыруу үчүн алар ар кайсы океандагы планктондорду – океандагы жандыктар азыктанган майда тирүү организмдерди анализдешкен. Дал ушул планктон РНК-вирустарын алып жүрүүчү болуп эсептелет. Изилдөөнүн натыйжасында вирустардагы белокторду түзгөн 44 миңден ашуун ген аныкталды.

РНК-вирустардын генетикалык маалыматы ДНКда эмес, РНКда сакталып, тез өнүгөт. Окумуштуулар жүз миңдеген ДНК-вирустарын изилдешкени менен, РНК-вирустарын толук изилдөөгө алыша элек. РНК-вирустар сасык тумоодон COVID-19га чейинки ар кандай ооруларга себеп болушу мүмүн. Андан тышкары, адам жашоосуна таасири бар жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн да оорусуна алып келе алат.

Бул ачылыш РНК-вирустарынын эволюциясын түшүнүүгө жардам берип, Жердеги жашоонун өнүгүүсүнүн дагы бир сырын ачат. Анткени, бул вирустар микробдорго да жугуп, жалпы экосистемага таасир тийгизип жаткан болушу ыктымал.

Булак: ScienceAlert

Дагы караңыз Европадагы мумия, Кытайдагы таш куралдар

Жөргөмүш желеси менен угат

Жөргөмүштөрдүн кулагы жок болгону менен, алар айланасындагы үндөрдү кадимкидей уга алышары мурдатан белгилүү. Бирок бул нерсе кандайча ишке ашары окумуштууларды көп кызыктырган темалардын бири. Бул ирет Бингемтон университетинин изилдөөчүлөрү жөргөмүштүн желеси үн толкундарын кармап, жөргөмүшкө жакындаган жырткычтары же азыгы жөнүндө кабар берип турарын изилдешти.

Жөргөмүштөр желесине туруп калган бир нерсе вибрация болгондо, реакция берери белгилүү. Бул жолку изилдөө жөргөмүштөр абадагы үнгө реакция жасаганын көрсөттү. Окумуштуулардын маалыматына ылайык, жөргөмүштүн желеси өтө ичке жана сезимтал болгондуктан, абадагы үн толкундарын кармай алганга жөндөмдүү.

Мындай тыянакка келүүдөн мурда окумуштуулар үн такыр кирбеген бөлмөдө, атайын рамкаларда жөргөмүштөргө желе тартууга шарт түзүшкөн. Андан соң ар кандай бурчтан, түрдүү аралыктан үн белгилерин берип, жөргөмүштүн реакциясына жана желенин абалына байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжада, жөргөмүштөр 68 децибелге чейинки үндөргө реакция берип, андан жогорку добуштарга башка кыймыл-аракеттерди көрсөтөрү белгилүү болду. Ошондой эле, жөргөмүш үн кайсы тараптан келип жатканын жогорку тактык менен аныктай алган.

Мындай кийинки изилдөөлөр эми желенин жардамы менен аныкталган үндү жөргөмүш кандайча пайдаланарына арналмакчы.

Булак: ScienceAlert

Бала кезде алган травма унутчаактыкка себеп

Норвегиялык окумуштуулар бала кездеги эмоционалдык травма кийин өзүнүн терс таасирин тийгизерин ырасташты. Алардын Journal of Neurology Neurosurgery & Psychiatry илим журналына жарыяланган жаңы изилдөөсүндө бала кезинде кордук көргөндөр, айрыкча кыздар кийин унутчаактыкка кабылары айтылат.

Изилдөө жүргүзүү үчүн окумуштуулар Норвегиядагы “Ата-эне жана бала” деп аталган ири топтук изилдөөнүн катышуучуларына кайрылышкан. Бул изилдөөгө 1999-жылдан 2008-жылга чейин 78 миң кош бойлуу аял кайрылган. Алардын саламаттыгы 2018-жылга чейин, тактап айтканда, 10 жыл көзөмөлдөнүн турган. Натыйжада, 14 477 аял бала кезинде зомбулук көргөнүн айтышкан. Алардын көбүндө жайылма склероз, ашыкча салмак жана депрессиянын белгилери бар болуп чыккан. Изилдөө жүргүзүлгөн жылдары дээрлик 300 аялга жайылма склероз диагнозу коюлган. Алардын 71и бала кезинде зомбулук көргөн.

Склероздун пайда болуу ыктымалдуулугу сексуалдык зомбулук көргөндөрдө 65%, эмоционалдык зомбулукка дуушар болгондордо 40% жана физикалык зомбулукка кабылгандарда 31% түзгөн. Бир эле учурда зомбулуктун эки түрүн көргөндөрдө анын пайда болуу ыктымалдуулугу 66%, үч түрүнө дуушар болгондордо 93% түзгөн.

Булак: ScienceAlert

Дагы караңыз Кечирүү же өч алуу. Илим кайсы бирин жактайт?