Жоокерге мекендин ар бир ташы кымбат

Улуттук гвардиянын "Ардактуу кароол ротасынын" жоокерлери.

Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. 

Генералдык штаб - Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн ыкчам башкаруучу борбордук аскер органы болуп саналат.  Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн тутумуна Кургактагы аскерлер, Абадан коргоо күчтөрү, Улуттук гвардия кирет.

Кыргызстанда атайын даярдыктагы бир канча отряддар бар. Аларга «Илбирс», «Скорпион», «Пантера», «ШЕР», «Альфа», «Бөрү» дагы жана башка атайын даярдыктагы отряддар кирет. 

Кыргызстандын армиясынын аскердик контингенттери эл аралык аскердик машыгууларга такай катышып келет. Сүрөт Беларуста өткөн эл аралык машыгуу учурунда тартылган.  

Коменданттык саат киргизилген аймактардагы блок-посттордо турган аскерлер. 

Өлкөдөгө кырдаалга байланыштуу жоокерлер өткөрүү пункттарында кызматта турушууда.

ШОС, ОДКБ алкактарында өткөрүлгөн эл аралык күжүрмөн машыгууларга катышкан кыргыз аскер контингенти өлкө желегин жана катышуучу аскер контингентинин күжүрмөн туусу менен.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жоокерлери окуу-машыгуу учурунда. 

Кыргыз армиясынын аскерлери Тажикстанда өткөрүлгөн эл аралык машыгууга катышып жаткан учуру. 

Кыргыз армиясынын артиллеристтери ар дайым күжүрмөн даярдыкта.

Кыргыз армиясынын аскер аба күчтөрүнө акыркы жылдары жакшы көңүл бурулууда. Авиа техника жетишсиз, бирок ушул багытта аскердик кызматташуунун күчү менен авиапаркты толуктоо иштери улантылып жатканы айтылууда. 

Жоокерлердин машыгуу талаасы.

Генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жоокери экзамен учурунда.

Ок атууга камынып жаткан жоокер. Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары кыргыз армиясына дээрлик көңүл бурулган эмес. Кыргыз армиясы 1999-2000-жылдары Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери Баткен аймагына кирип келгенде чоң сыноону баштан өткөрдү. Баткен согушу кыргыз бийлигин армиянын курал-жарагын чыңдап, күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө аргасыз кылды.

Тамактанып жаткан жоокерлер. 

Ата-энесине кат жазып жаткан жоокерлер. 

Ант берүү аземи учурунда. 

Улуттук гвардиянын "Ардактуу кароол ротасынын" жоокерлери Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына өткөн митинг-реквием учурунда. 9-май, 2020-жыл. 

Мекен чегин кайтарган жоокер. 

Террористтерди кармоо боюнча күжүрмөн машыгуу учурунда. 

29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамы. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Анын катарында бүгүнкү күндө болжол менен 16 миңдин тегерегинде аскер кызмат өтөйт.