Мээримдүү адамга жолуккан жолбун иттин жашоосу

"Бир күнү жумуш менен Беш-Күңгөйдү көздөй бара жаткам. Алдыда бара жаткан машинелердин бир нерсени айланып өтүп жатканын байкадым. Жакын барсам күчүк жатыптыр. Аны машине тебелеп кеткен экен. Жолдун жээгине чыгарып салайын деп машинемден түшүп, жанына барсам, тирүү экен. Мени көрө калып качканга аракет кылды. Бир көзү сыртка агып калыптыр. Буту сынган. Эптеп сүйрөлүп жол жээгине чыкты. Жамгыр жаап жаткан. Күчүккө аябай боорум ооруду. Жок дегенде кыйналбай өлсүн деп жаман чүпүрөккө ороп, жакын жердеги ветеринарга алып бардым", - дейт Денис Реут ити Гадсондун ошол күнү тартылган сүрөттөрүн көрсөтүп жатып. 

Ветеринар күчүккө алты сааттан ашык операция жасап, өмүрүн сактап калган. Бирок күчүктүн көзү такыр көрбөй калган. 

"Татьяна аттуу ветеринарга бул жолбун ит экенин, операцияга жана дары-дармекке каражатым жоктугун айткам. Ал болбой эле күчүккө операция жасап, өмүрүн сактап калды", - дейт Денис.

Денис күчүгүн Гадсон деп чакырат. Англис тилинен кыргызчага которгондо бул ысым  "Кудайдын уулу" дегенди түшүндүрөт. 

Денис Гадсонду жетелеп алып сейилдегени чыкканда "итинин көзү көрбөй турганы жазылган" сары түстөгү кийимин кийип алат.

Денис ити менен дайыма бир жерде сейилдейт. Мындан улам Гадсон бул аймакты жакшы өздөштүргөн. Көзү көрбөсө да тааныш жерге келгенде ары-бери чуркап ойноп, тосмо же көлчүктөн секирип өтөт. 

Гадсонду кожоюну маал-маалы менен үйгө киргизип турат. 

Денис ити Гадсон менен АКШ элчилигинин алдына жаныбарларды коргоого чакырган акцияга катышкан.

Гадсондун соолуп калган каректери анын бир кездеги азаптуу турмушунан кабар берип турат. 

Гадсон кожоюнунун жанында машине менен сейилдеп жүргөндү жактырат. 

Денистин уулу Кирилл итин сейилдетүү үчүн алып баратат.

Гадсон үй-бүлө мүчөлөрүн үнүнөн жана жытынан тааныйт. 

Гадсон азыр Денистин балконунда жашайт. 

Суук болгон күндөрү итти үйгө киргизүүгө туура келет. 

Денис Реут Гадсондон башка дагы бир итти багып алган.

Ит көзү көрбөсө да кожоюнун балкондун терезесинен карап күтөт. 

Денис ашканада мышыгы жана Гадсон менен.

Тамаш-ашты Денис өзүнүн каражатына алат. 

Расмий маалыматтар боюнча баш калаа Бишкекте 200 миңдей жолбун ит бар, алардын 60-70 миңдейин жыл сайын мэрия аттырып турат. Жаныбарлардын укугун коргогон активисттер жолбун ит-мышыктарды атууга каршы экенин билдирип, мэриядан иттерди тукумсуздандыруу ишин баштоону талап кылып келишет. 

Бишкек шаарынын тургуну Денис Реут эки жыл мурда жолбун итти таап алган. Ага Гадсон деп ат койгон. Азыр Гадсон Реуттардын үй-бүлө мүчөсүнө айланган.