Астанада Нурлан Жоламановдун соту башталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Астанада Казакстандын чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, генерал- лейтенант Нурлан Жоламановдун иши карала баштады. Соттун дүйшөнбүдө өткөн жыйынында Жоламанов ага каршы козголгон кылмыш ишин жасалма, саясий буюртма деп атап, айыптарды четке какты. Экс-төрагага пара алуу, кылмыш тобун уюштуруу жана аны жетектөө беренелери боюнча айып тагылууда. Жоламанов өткөн жылы октябрда коррупциялык кылмышка шектелип камакка алынган.